Тарбия дөңгөлөгү окуучулардын сабакка жетишүүсү, ар тараптуу өнүгүүсү, жүрүм турумун жакшыртуу үчүн колдонулган натыйжалуу ыкма. Баланын кыялдарына жетүүдө жана күн тартибин ишке ашырууда колдонгон ыңгайлуу. Бул Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби” окуу курсунда үйрөтүлүүчү усул.
5 баланын апасы Бегай Байсымакова бир жыл боюу тарбия дөңгөлөгүн балдарына колдонгон. Натыйжада баланын кайсы багытта артта калып аксап жатканын, көп тармакта өнүгүүсүн ошондой эле күн тартибинин аткарылышын көзөмөлдөп туруу жеңил болуп калганын айтат:
“Биздин азыр 3 балабыз сабакка барат. Экөө болсо бала бакчага барат. Мектепте окуган балдарымды ар бир баракка аттарын жазып, тарбия дөңгөлөгүн тартып аны менен бирге көзөмөлдөп турабыз. Бул балдарга абдан жакшы мотивация берет экен. Сөз менен айта бербестен бул аркылуу натыйжалуу болууда. Башында упайлар менен сынак сыяктуу жарыштырып турган болсо акырындап ал жакшы адаттар балада калыптанып тартипке түшүп калат экен.”
“Тарбия дөңгөлөгүн баланын максатына жараша түзүп алса болот. Болгону физикалык, интеллектуалдык жактан ар тараптуу өнүгүүсүн эске алуу зарыл. Бизде эркек балдар болгон үчүн тазалык, тартип деген пункттарды кошуп койгонбуз. Мисалы бөлмөсүн же өзүн таза, тыкан алып жүрбөсө балл койбой коебуз. Күнүнө китеп окууга, чет тилинен 4сөз жаттогоо убакыт бөлөбүз ким аны аткарбаса балл албайт. Бул жерден бала дагы ата-эне биз дагы барын көрүп көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк ачылат.”
Бул көп деле убакытты албайт
“Бул ыкманы жасоо көп деле убакытты албайт. Башында балдар көнгөнчө бир аз күн сайын эстетип турууга туура келсе. Убакыттын өтүшү менен балдар өздөрү көнүп калып, эскертип турушат. Тарбия дөңгөлөгүн жылдырыш үчүн 2-3 мүнөт эле талап кылынат. Ата -энелер муну баштаган соң болушунча аракет кылып күн сайын калтырбай аракет кылуу керек. Ошентип жатып системага түшүп калат экен дагы кийин оңой болуп калат.
Өзүбүздү баланын ордуна коюп көргөндө көп нерсени түшүнөбүз
“Биз чоңдор көп учурда өзүбүздүн кичинекей болгонубузду унутуп калып билбестен балага туура эмес мамиле жасап алат экенбиз. Бир жолу ата-энелер чогулушуна барсак бизге оюн түрүндө тренинг өтүп калышты. Ал жерде ар бирибизге тапшырма берилген аны аткарып жатканда биз билбеген сөз чекебизде жазылып турду. Мисалы: кээ бирдерде макта, жакшы сөз айт, жылмай деген сыяктуу мага болсо, “көңүл бурбагыла” деп жазып коюптур. Мен аны билбей эле ата-энелерге барып бир нерсе айтып бер деген айтып берип жатсам эч ким көңүл бурбайт. Ушундай жаман болдум. Ызаланып, ыйлагым келип кетти. Бир эже болсо аябай сүйүнүп жыргап жүргөн көрсө ага мактоо айтышыптыр. Муну менен бизге балдарга жасаган мамилебизде алар өзүн кандай сезерин өз башыбыздан өткөрүп көрүү болчу.”
Ата-эненин абалы баланын окуусуна чоң таасир тийгизет
Психолог: Жашоодо кабыл алуу, түшүнүү, кечирүү маанилүү
Вилли Брандт тууралуу китеп кыргыз тилине которулду
Айгерим Кубатбекова