Кыргызстанда балдар арасындагы оорулардын эң жогорку тепкичинде аз кандуулук, андан кийин психикалык-неврологиялык оорулар турат.
Балдарга байланыштуу оорулардын дээрлик басымдуусу эненин кош бойлуу учурунда пайда болот. Көпчүлүк апалар түйүлдүктү көтөрүп жүргөндө өзүнүн саламаттыгына көңүл бөлбөй, ооруканага текшерилбейт. Андыктан калктын ден — соолугунун чың болушу балдардан башталат.
Күз айы келип суук башталары менен кадимки сасык тумоо оорусу балдар арасында курчуйт. Ошого карата 2 жаштан өйдө айылдык №8081 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлеринин текшерүүсүнөн кийин Гриппол вакцинасын алуу башталды. Бул 1 жылга чейин балдардын сасык тумоодон жеңил өтүп оорубасына көмөк көрсөтөт.
Ал эми Кызыл — Туу айылынын “Алтын уя” бала бакчасынын кызматкерлери:
«Биздин бала бакчада санитардык эрежелер сакталган. Эшиктен киргенде колдорун жууп, антисептик каражатын колдонушат жана сөзсүз түрдө дене табы текшерилет. Бөлмөлөрдө балдар аралыкты сактап гана ойнотобуз. Кээде балдар бир аз жөтөлүп же оорунун белгилери пайда болсо ата-энесин чакыртып үйгө кетирип жатабыз». Бала бакчада от жагылып бөлмөлөр жылууланган жана тамак аштар дайыма убактысы менен берилет»,-деп билдиришти.
Ал эми мектепте санитардык нормаларды сактоого мүмкүнбү?
Мектепке мугалимдер менен байланышып, коронавирус пандемиясы учурунда санитардык-эпидемиологиялык нормалардын канчалык деңгээлде сакталып жатканын сурап көрдүк.
“Өхх, кысылып кеттим деген окуучулар бар, бирок баары бир беткапты талап кылабыз”,-деп
Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектептин мугалими Молдомамбетова Наргиза беткап тагынууда кээ бир кыйынчылыктар болсо да, мектеп боюнча баары тагынып жатканын белгиледи.
“Биздин мектепте санитардык нормалар толугу менен сакталып жатат. Мисалы, күн сайын эртең менен мугалимдер класстардан окуучулардын температурасын өлчөп анан киргизебиз. Мындан сырткары ар бир окуучуда антисептикалык каражаттар жана 3 беткап болуусу керек. Анткени, бир масканы эки саат гана тагынууга мүмкүн. Беткап менен сабак өтүү албетте кыйын, кээде окуучулар дагы “кысылып кеттим” деп айтышат. Бирок, биз бардык нормаларды сактоого чакырып жатабыз”,- деди.
Нурзат Момуналиева