Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Азамат Дөөлөтбек уулу жаңы жыл түнү аяз атанын кызматын көрсөттү. Атайын буйрутма менен жаңы жыл түнү үйлөргө баш багып, белектерин берди.
Азамат Дөөлөтбек уулу акыркы 2-3 жылдан бери жашоочулардын буйрутмасы менен барып бөбөктөрдү ырдатып, бийлетип, анан алдын ала даярдаган белектерди аяз кызы менен бирге беришет.
Азамат бир күн кечке 20дай үйгө барып, балдарды куттуктаганын айтат.
“Бир күн кечке түнкү саат 11ге чейин кызмат кылабыз. Эми бул жакшы нерсе. Анткени айрым бөбөктөр чын эле аяз Ата дешип кармалап көрүп, жаныңдан чыкпай таң калышат. Албетте, кичине болсо да түшүнгөн балдар да бар. Кубанышат. Босогодон өткөрбөй эле ырларын айтып, ырдап-бийлеп беришет. Мага бөбөктөрдүн кубанганын көрүү жагат. Өзүмдү чын аяз ата сезип кетем”, — деп айтып өттү Азамат.
Айыл тургундарына аяз ата жана аяз кыз кызматын бир үйгө 200 сомдон көрсөткөн.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчурүп басууга тыюу салынат!