Балыкчы шаарындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде 25-ноябрь – “Эл аралык аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу күнүнө” карата өтүп жаткан “Зомбулукка каршы 16 күн” акциясынын алкагында атайын иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны мектептин соцпедагогу Н.Т.Рахматова уюштуруп, ага Балыкчы ШИИБдин өкүлдөрү жана мектеп администрациясы катышты: Ж.Э. Абыканов – Балыкчы ШИИБдин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги, У. Өскөнов – ТЖСнын тескөөчүсү, милициянын капитаны;, А.Ш. Абдыразаков – КККнын МАЫОнун тескөөчүсү, Давлетова Ширин Кермакуновна – ЖИИнин тескөөчүсү, милициянын капитаны, Турсуналиева Нургүл Жакшылыковна – ЖИИнин тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты.
Иш-чара “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!” жана “Зордук-зомбулуксуз жашоо үчүн!” ураандары менен флешмоб көрсөтүүдөн башталды. Андан соң, коноктор окуучулар менен баарлашып, зордук-зомбулуктун алдын алуу, анын кесепеттери жана укуктук коргоо жолдору тууралуу пайдалуу маалыматтарды жеткирди.
Мектептин соцпедагогу атайын даярдалган лекцияны презентациялап, окуучуларга зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө билимдүү жана маалыматтуу болуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Адинай Идирисова