Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Барбулак айылынын жанында жайгашкан “Барбулак” пансионаты ден соолугун чыңдаш үчүн келген эс алуучуларга эшигин ачып, кызмат көрсөтүп жатат.
Пансионат Барбулак айылынан 5 км жерде көлдүн жээгинде жайгашкан. Бул ысык сууну 80-жылдары Бакир Чодобаев аттуу окумуштуу-геолог ачкан. Суунун адам баласынын ден соолугуна пайдалуу жактары көп: ичеги оорулары, аш казан, боор, сөөк муун оруулары, нерв оорулары жана аялдардын гинекологиялык өнөкөт ооруларынын айыгып кетишине бир топ пайдасы бар делет.
Пансионатка келген элдин саны көп. Кыргызстандыктардан тышкары Орусиядан, Казакстандан, Германиядан адамдар келип, ысык сууга түшүп кетишет. Орусиянын Красноярск аймагынан келишкен мугалимдер Береговая Татьяна менен Нечистовская Людмилага бул жер абдан жаккан. Береговая 4 жылдан бери Барбулакка келип, ден соолугун чыңдап кетип жатканын айтты.
Быйыл сууга түшө турган жай оңдолуп, ванналар которулуп, полу, дубалдары кафелденип, VIP ванналар ачылган, кардарларды тейлөө болсо бир топ жакшырган.
Кардарларды кабыл алуу үчүн бир топ боз үйлөр тигилген, жаңы коттедждер салынган. Келген кардарларды Барбулак жана Кара Коо айылдарынын тургундары тейлейт. Алар боз үйлөрүн тигип, тамак-ашын жасап, кызмат көрсөтүшөт.
Айыл тургундары пансионаттагы жерди 7-10 жылдан бери ижарага алып, боз үйлөрүн тигип, кардарларды тейлешет.
“Быйыл, буйруса, сезон жакшы, эл көп. Ишибиз жакшы жүрүп жатат”, — дешет бул жерди иштеткен айыл тургундары Нурлан менен Таалай.
“Ак кептер” медиаборборунун атынан “Барбулак” пансионатынын кардарларды тейлөө коллективине ийгиликтерди каалайбыз.
“Барбулакка” келип, ден соолугуңуздарды чыңдап кетиңиздер.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы