Байыркы замандан калган кыргыздын улуттук оюндары адамдардан тунук сезимди, аң сезимдүүлүгүн, кыраакылыгын арттырып келген. Ал эми дал ушул чыгарылышта кыргыздын улуттук оюндарынын бири тогуз коргоол жөнүндө сөз кылабыз.
Тогуз коргоол — так эсептөөнү, стратегиялык ойлонууну, тапкычтыкты, логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган жана аны өнүктүргөн оюндардын бири болуп саналат. Тогуз коргоол оюнунун кыргыздардан башка улуттар да ойноп келишет. Мисалы: кытай, казак, өзбек, каракалпак жана түрк элдери.
Касиет Эркинбеков «тогуз коргоол оюну мага жагат, кичинекей кезимден бери ойноп келем. Тогуз коргоолду мен бир жумада өздөштүргөм» деди.
Учурда тогуз коргоол оюнун 5 жаштагы өспүрүмдөрдөн тарта 90 жашка чейинки кары адамдар ойношот. Эгер жакшылап көңүл буруп ойносо, анда 1-2 саттын ичинде үйрөнүп кетет.
Даярдаган: Айнуру Керимбаева