«Качан үйлөнөсүӊ» же «Качан күйөөгө тиесиӊ» деген суролорду берүү этикага туура келеби? Эмне себептен бул суроолорду уккан тараптын кыжыры келет? Жогорудагы суроолор жаштарды кандай жыйынтыкка алып келет?
“Бул суроону укканда албетте жүрөгүмдө мыкчылуу пайда болот. Мисалы берген адамды көз кырым менен бир силкип карап алган күндөрүм да болот. Биринчиден мен өзүмдүн жеке жашоомду бирөөнүн талкуусуна койгум келбейт. Жада калса ата-энемдин колуна салгым келбейт да. Ата-энем менин жеке жашоомду чечишин каалабайм”.
Атын атагысы келбеген каарманыбыз 32 жашта. Ал ондогон жигиттердин бири өңдүү окуп-иштеп, үй — жайлуу болуп анан үйлөнүүнү чечкен.
Ал эми кээ бир учурда отуз жаштан ашкан бийкечтердин тагдырын жакындары чечүүнү өз колдоруна ала башташат. Мындай абалды өз башынан өткөрүп жаткан айыл тургуну Бактыгүл Турдубекова “качан күйөөгө тиесиң”, “качан үйлөнөсүң” деген суроолор коомдо терс адатка айланып бара жаткандыгын билдирет.
Айыл тургуну Бактыгүл Турдубекова
“Негизинен мага “Качан күйөгө тиесиӊ?-деген суроону берсе абдан жаман болом. Анткени, менин керегим жок болуп калгандай сезем. Кээ бирлери ушул суроону ойлонбой туруп бергенге кыжырланам.Адам кандай кабыл алат эч ойлонушпайт. Мен турмушка чыккандан, жашоодон жаӊылгандан корком”.
Качан турмуш курасың деп кызыгып сурагандардын катарында улуу муундагы адамдар менен бирге жаштар да турат. Бирок суроону угуп жаткан тараптын ичинде таарыныч, эч кимге керегим жок деген сезимдер пайда болуп, жакындардан алыстап каларын каармандар белгилеп өттү. Буга карата айыл тургуну Касым Давлетбаков өз оюн төмөндөгүчө билдирди.
Айыл тургуну Касым Давлетбаков
“ Жашы жетип калган кыздардан эмне күйөгө тийбейсиӊ же балдардан эмне үйлөнбөйсүӊ деген суроону негизи мен «некорректный» деп ойлойм. Сураганга болбойт го деп ойлойм менчи. Эгерде кыз менен жигит сүйлөшүп жүрсө анан жигит кел үйлөнөлү десе, кыз кое тур тиги-бу десе же болбосо, тескерисинче кыз үйлөнсөк болот эле убакыт өтүп атат качан үйлөнөбүз десе анан бала шашпай турса анда айтып койсо болот”.
Кыргыз элинде үй-бүлө курууга терең маани берип келишкен. Андыктан ага олуттуу караш керек. “Турмушка качан чыгасыӊ?” же “качан үйлөнөсүӊ?”- деген сөз өзү орой сөз, этикага жатпайт. Бул суроолор жаштардын психологиясына терс таасирин тийгизет деген пикирин гендердик серепчи Бакен Досалиева билдирди:
Гендердик серепчи Бакен Досалиева
“Жашы жетип калган кыздарга “качан турмушка чыгасыӊ?” же жигиттерге “качан үйлөнөсүӊ?” деген сөздү узатуу менен биз, биринчиден ыӊгайсыз абалга калтырабыз аларды. Экинчиден аларды шаштырабыз алардын ички сезимин козгойбуз да жүрөгү менен сезбей эле, тереӊ ойлонбой эле тагдырына баш ийип биз сунуштаган, жар болууга макул болгон кызга же жигитке багын байлап калышы мүмкүн”.
Мындан тышкары ата-эне менен балдардын да ортосундагы мамиле сууй түшүшү мүмкүн. Ошону үчүн ата-эне турмуш куруу маселесин айтардан мурда кызды же жигитти күчкө салбай, психологиялык абалын эске алуу менен бирге нейтралдуу түрдө сунушташ керек экендигин гендердик серепчи Бакен Досалиева кошумчалады.
“Жашы жетип калган балдарга ушундай сөздөрдү айта турган болсок алар үйдөн өздөрү батпагандай абалда калып, чыгып кетиши мүмкүн. Өз алдынча жашоону улантышы мүмкүн. Бул дагы анын андан аркы келечегине терс таасирин тийгизиши мүмкүн да. Анткени, алар жалгыз жашаганга көнүп алышат дагы, үйлөнүүнү приоритет кылбай коюушу мүмкүн да”.
Кыргызстандын конституциясына ылайык ар бир жаран өз жашоосун тандоого укуктуу. Андыктан ар бирибиз келечегибизди өз калообуз менен тандасак.
Гендердик маселелерди чагылдырган аудиосюжеттерди бул шилтемеден уга аласыз.
Гүлкайыр Осмоналиева