Депозит — бул банктын жардамы менен акчаны сактоо, үнөмдөө жана көбөйтүү болуп саналат. Акчаны үйдө сактаганга караганда банкта сактаган коопсуз жана пайдалуу. Банкта сакталган акча аркылуу тийиштүү суммага пайыздар өсөөрү белгилүү. Бирок, банкттарды жана пайыздарды кантип тандоо керек?
1. Депозиттин үй-бүлөлүк бюджетке салым кандай? Артыкчылыгы барбы?
Депозиттин үй-бүлөлүк бюджетке тийгизген таасири зор. Кандай түрдө аманаттар болсо да, аны үйдө кармаган өтө кооптуу. Экинчиден банкка алып барып салуу менен кошумча киреше табасыз. Мисалы, 1000 сомуңуз болсо, банкка салып койсоңуз үйдө сактаганга караганда ага пайызы кошулуп, аз да болсо киреше алып келет. Андыктан, киреше менен чыгашаларды эсепке алуу ашыкча болбойт. Айталы, сиздин үй-бүлөлүк бюджеттин айлык кирешеси 25 миң сом. Ал эми чыгымдарды санай келсеңиз кирешеден ашып кетиши мүмкүн. Мисалы: 27 миң сом болуп… Тилекке каршы, көпчүлүк үй-бүлөлүк бюджеттин эсептебегендиктен киреше менен чыгашанын ортосундагы мындай айырманы көрө албайт.
Ошондуктан, алгач чыгашаларды кыскартуу керек. Экинчиден, айлык кирешени толук көрсөтпөстөн, анын 20%ын жыйым кылып депозитке салуу менен сиз биринчиден каражаттарыңыздын коопсуздугуна кепилдик аласыз. Экинчиден акча жөн эле жаздыктын алдында жатпастан үстөк пайыздардын эсебинен көбөйүп, өз жыйымыңызды эч болбосо инфлацияга жем болуудан сактайсыз.
2. Депозит сактоо үчүн банк тандоодо кандай критерийлерге маани берүү керек?
Аманат ачуу боюнча акыркы чечимдик кабыл алаардан мурда, ар башка банктардын сунуштарына көңүл бөлүш керек. Анткени, алардын шарттары бир-биринен бир кыйла айырмаланып турат. Банкты тандоодо анын учурдагы жана прогноздолгон финансылык-экономикалык абалы, ошол банк сунуштаган депозиттик келишим боюнча шарттарга, т.а. пайыздык чендер, мөөнөт, капитализациялоо ж.б.у.с. кылдат маани берүү керек. Пайыздардын капитализациясы ай, квартал, жарым жылда бир жасалышы мүмкүн. Ошого карата пайыздык кирешенин көлөмү дагы өзгөрөт.
Депозитти мөөнөтүнөн мурда чыгарып (кайтарып) алуу шарттары дагы маанилүү. Анткени, кээ бир учурда депозиттик эсепте топтолгон акча турмуштук шарттарга байланыштуу керек болуп калышы ыктымал. Келишим боюнча алууга мүмкүн эмес. Бирок кээ бир банктар кайтарып бергенге макул болушат. Банк кайсы учурда макул болот? Ошол аспект келишимде белгиленген болсо.
Кайра толтурууга мүмкүн болгон депозит жана кайра толтурууга мүмкүн эмес болгон депозиттер бар. Бул дагы сиздин финансылык пландарыңызга ылайык келүүсүнө көңүл буруу керек.
3. Депозиттин кандай түрлөрү бар?
Банктык аманаттар (депозиттер) пайыздык жана пайызсыз болушу мүмкүн. Банкка акча салуу эсебин белгилүү бир мөөнөткө (мөөнөттүү акча салымдары), ошондой эле талап кылып алуучу эсепти ачууга болот. Мөөнөттүү акча салымдары – жеке адамдардын же юридикалык жактардын келишим боюнча белгилүү бир мөөнөткө салган жана эсептелинген пайыздар боюнча пайда алуучу акча каражаты болуп эсептелет. Бул эсеп көпчүлүк учурда акча каражатын сактоо жана көбөйтүү максатында колдонулат. Ал үчүнчү жактар менен эсептешүү жүргүзүү үчүн пайдаланылбайт.
Талап кылып алуучу акча салымдарына токтоло турган болсок, бул эсепти жеке адамдар жана юридикалык жактар акча сактоого жана акча салымын көбөйтүүгө пайдалануу менен биргеликте бул эсеп аркылуу үчүнчү жактар менен эсептешүүнү жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн да колдонушат.
Мындан сырткары депозит, эгерде акча салуучу банктан кредит алгысы келсе, кредит боюнча камсыз кылуу катары да пайдаланылат.
4. Сактоо мөөнөттөрү жана пайыздардын кандай түрлөрү бар?
Алгач банкка аманат катары берилип жаткан акчаны туура башкаруу үчүн депозиттерге чегерилүүчү пайыздык ченди эсептеп, андан кандай пайда түшөөрүн билүү зарыл. Мындай эсептөөлөрдү депозиттик келишимге кол койгонго жана каржылык операциялардын башталышына чейин жүргүзүү керек. Мындай эсептөөлөр түзүлгөн депозиттик келишим боюнча пайыздардын суммасын депозиттин негизги суммасына туура топтолушун аныктоого мүмкүндүк берет. Пайыздарды эсептөө тартиби белгиленген жана өзгөрүлмө пайыздык чендеринин негизинде аныкталат.
Белгиленген пайыздык чен — аманат келишиминде бекитилген пайыздык чендин өлчөмү аманат салынган мөөнөт ичинде өзгөрүлбөстөн сакталып келет. Мындай пайыздык чен аманат келишими автоматтык түрдө жаңы мөөнөткө узартылган же келишим мамилелери мөөнөтүнөн мурун токтотулган учурларда гана өзгөрүлүшү мүмкүн. Бул учурлар келишимдин шарттарында бекитилет.
Өзгөрүлмө пайыздык чен — алгач алынган пайыздык чен аманат салынган мөөнөттүн ичинде өзгөрүлүшү мүмкүн. Пайыздык чендин өзгөрүшүнүн шарты жана тартиби аманат келишиминде белгиленет. Пайыздык чендин өлчөмү кайра каржылоо ченинин өзгөрүшүнө, алмашуу курсуна, аманаттын башка категориясына өтүшүнө жана башка факторлорго байланыштуу калыптанат.
Аманатка чегерилген пайыздардын өлчөмүн аныктоо үчүн аманаттын суммасын, анын түрүн, аманатка бекитилген пайыздык ченин, пайыздын чегерүү мөөнөтүн (күн сайын, ай сайын, чейрек сайын ж.б.), аманат келишиминин мөөнөтүн, пайыздык чендин– белгиленген же өзгөрүлмө пайыздык чен түрүндө экенин билүү зарыл.
5. Банк кайсы учурда депозиттин пайызын жогорулатат же төмөндөтөт?
Банктар сунуштаган депозиттин пайызынын жогорулашы же төмөндөөсү көпчүлүк учурда рыноктогу шарттар менен байланыштуу. Кээ бир учурларда банктын ишмердигине тиешелүү рисктер менен түшүндүрүлөт.
Банктар рыноктогу пайыздык чендерге салыштырмалуу өтө жогору пайыздык чендерди сунуштоосу экономикалык жактан максатка ылайык келбейт. Жогору пайыздык ченди көпчүлүк учурда финансылык рынокто ресурс табууда проблемалары болгон, б.а. финансылык — экономикалык абалы күмөндүү болгон банктар сунуштайт. Андыктан өтө жогору пайыздык ченди сунуштаган банктарда аманат эсебин ачууда банктын абалын кылдат анализдөө сунушталат.
6. Банкта жогорку пайыздык депозиттерге ээ болуп, көбүрөөк киреше тапса болобу?
Банктар рыноктогу пайыздык ченден жогору пайыздык ченди сунуштаганы анын ишмердиги менен байланыштуу рисктердин жогору экендигин көрсөтөт. Анткени банк дайыма арзан акчалай ресурсту колдонууга аракет кылат. Рынокто арзан ресурс болгон шартта кымбат ресурсту колдонуудан баш тартат. Ошондуктан рыноктук пайыздык чендерден төмөн эмес пайыздык ченди сунуштаган банктарды тандоо керек.
Ал эми көбүрөөк киреше табууну көздөсөңүз келишимге өзүңүзгө пайдалуу болгон шарттарды (соодалашып) киргизүү менен табыла турган кирешеңизди көбөйтүүгө мүмкүн. Бирок банктар мындай шарттарга кээде гана макул болушат. Мисалы, эгерде салымдын көлөмү өтө чоң болсо, банк сиздин келишимге макул болушу мүмкүн.
Бала үчүн депозиттин пайдасы көп
