Баткендик жердештерге азыркы учурда жардамын аябаган ар бир жаран өз каалоолору менен акча каражаттары, окуу куралдары, тамак-аш, кийим кечелер менен кайрымдуулук кылууда. Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну 8 жаштагы Эсенгулова Бермет да бул иште өз салымын кошуп, өзүнүн сүйүктүү планшетин кайрымдуулук акциясына берип кетти.

Бермет Эсенгулова
“Ассаляму алейкум бир тууганым! Мен сени жакшы көрөм. Менин өзүмдүн сүйүктүү планшетимди белекке берем. Баары жакшы болот. Сага салам жолдогон Оттук айылынан Бермет!”- деген кат жазып планшетинин ичине салып кеткен. Берметтин бул кылган иши мактоого арзыйт!
Видеодон көрүңүз:
Нарындын Учкун айылынан Баткенге жардам жеткирилди
Акылай Алмазбекова