Бүгүн 8-апрель 2025-жылы Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева, Токтогул районунун Уч-Терек айылында №29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинде мугалимдер менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарада Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Астра Боржуева жана мектеп директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер жана айылдын тургундары катышты.
«Бүгүнкү иш сапардын максаты региондордогу билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышуу, мугалимдер менен жолугушуу, көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү жолдорун талкуулоо, билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана педагогдорго «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруунун алкагында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет жана 2025-2026-окуу жылына карата пландар тууралуу» — деп билдирди өз сөзүндө министр Доктуркүл Кендирбаева
Мугалимдер менен жолугушууда алардын берген суроолоруна жооп берип, мектептин башталгыч классынын окуучуларынын сабагына катышып,аларга келечекте ким болору жөнүндө суроолорду берип, окуучулардын өз ойлорун укту. Мектептин имараты жана күнөсканасы менен таанышып, анын жакшы уюштурулганын белгиледи. Ал күнөсканада өстүрүлгөн экологиялык таза продукт окуучулардын ден соолугу учүн пайдалуу экенин айтты.
Даярдагандар: Азем Сабырбекова,Аэлита Зарылбекова.