Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Арык айылындагы Коргол орто мектебинин 11-а классынын окуучусу Кубанычбек Ашымов «Кыргызстандын мыкты окуучусу -2025» Республикалык сынагына катышты.
Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Керемет холдинг” жоопкерчилиги чектелген коому, “Салымбеков” университети жана Кыргыз улуттук Манас театры тарабынан уюштурулган «Кыргызстандын эң мыкты окуучусу — 2025» конкурсуна Коргол атындагы орто мектебинин 11-а классынын окуучусу Кубанычбек Ашымов катышып, «Кыргызстандын эң мыкты окуучусу-2025» номинациясынын I даражадагы дипломунун ээси болуп, төш белги менен сыйланды.
«Сынакка кандай болуп катышып калдым? «Керемет холдинг» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жарыяланган сынакты социалдык баракчасынан көрүп калдым, эки күн калганда гана даярданып, конкурска катыштым. Конкурстун шарты: “Мен сыймыктанган инсан” темасында дилбаян жазуу жана өзүңдүн жетишкен жактарыңды көрсөтүш керек экен. Жоомарт Бөкөнбаев жөнүндө дилбаян жаздым. Бөкөнбаев менин чоң атам болгондуктан жеткиликтүү баяндап жаздым. Мен келечекте кыргыз элиме салым кошкон, күчтүү, жаштарга үлгү болгон мыкты адис болгум келет.»-дейт Кубаныч Ашымов өз сөзүндө.
Даярдагандар: Айданек Жусупбекова, Аэлита Зарылбекова