8-апрель күнү Кочкор райондук Молдобасан Мусулманкулов атындагы искусство мектебинин жалпы жамааты, келген коноктор жана окуучулары райондун тургундарына чоң концерт тартуулашты.Иш-чара мектептин алдында түзүлгөн «Миң Кыял» эл аспаптар оркестринин уюштурулганына 45 жыл жана заманыбыздын залкар обончусу Качкын Усупбаевдин 75-жылдык чыгармачылыгына арналган атайын мааракелик концерт өттү.
Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин жалпы жамааты
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү, Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын башчысы аким Баялы Досалиев, расмий коноктор, чыгармачыл интеллигенция, ыр күйөрмандары иш-чарага катышты.
Ыраазычылык каттар жана грамоталар тапшыруу учуру
Концертте оркестрдин коштоосунда көптөгөн азыркы замандын белгилүү обондору жана ырлары жаңырды.
Оркестрдин коштоосунда обондуу ырлар жаңыруу учуру
Кечеде искусство мектебинде эмгектенген агай-эжейлердин аткаруусунда обондуу ырлар, окуучулардан түзүлгөн комузчулар, кыл кыякчылар, аккордеончулар топтору өздөрүнүн талантарын көрсөтө алышты. Чимириле бийлеген «Асел» бийчилер тобу конокторго жакшы маанай тартуулашты.
«Асел» бийчилер тобу
Бүгүнкү концерттин уюштуруучусу жана Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин жетекчиси Кубанычбек кызы Гүлсайра мааракелик концерт боюнча кийинки маалымат берди:
Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин жетекчиси Кубанычбек кызы Гүлсайра
Концерткке мектептин жамааты бир жылдай даярдык көрдү. Оркестрде ар бир музыкалык аспап менен иштөө чоң эмгекти талап кылды, агайдын обондорун оркестрге салдык. Бүгүнкү иш-чара жогорку денгээлде өтөт деген үмүттөбүз.
Жыйынтыгында искусство мектебинин айрым кызматкерлерине грамота жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Канайым Мирланова