Британиялык аялдардын айлана-чөйрөнү коргоо уюмунун «Women’s Environmental Network» изилдөөсүнө ылайык, бир жолу колдонулуучу жалаяктар таштандылардагы катуу калдыктардын гезиттерден жана тамак-аш таңгактарынан кийинки үчүнчү орунда тураарын билдиришкен.
Бул эмнени билдирет?
Бир жолу колдонулуучу жалаяк кийген ымыркай жумасына болжол менен 7 кг жалаяк калдыктарын чыгарат, ал эми 2,5 жылында дээрлик бир тоннага жакын калдык болуп калаарын эсептелинген. Көбүнчө алардын баары өрттөлүүгө кетет же полигонго ыргытылат. Бир жолу колдонулуучу памперстер бир жолу колдонулуучу пластик калдыктарынын эң ири булактарынын бири, ошондой эле айлана-чөйрөгө жана экономикага чоң таасирин тийгизген булгануунун негизги булагы болуп саналат.
Дүкөндөрдө жалаяк салуучу кийимдин мындай даяр түрлөрүн алууга болот
Дагы эмнени билишибиз керек?
Изилдөөлөргө ылайык, жылына бир балага бир жолу колдонулуучу памперс жасоо үчүн 136 кг жыгач, 31 литр май жана 5788 литр хлор керектелет. Полиэтилен үчүн чийки зат катары мунай майы колдонулат, ал жалаяктын суу өткөрбөй турган сырткы катмарын камсыз кылат. Бул катмарды камсыз кылуу үчүн бир жалаяк 1 стакан мунай майы керек — болжол менен 236 мл.
Америкалык Пномпень университетинин илимпоздорунун изилдөөсүндө бир жолу колдонулуучу жалаяктар дүйнөдөгү таштандынын 3%ын түзөөрүн иликтеп чыгышкан. Буга кошумча, памперстеги пластмасса 400-600 жылдан ашса да чирибей жата берет.
Эко активист, “Экомир” фондусунун эксперти Влад Ушаков бул тууралуу мындай дейт: “Бир жолку колдонулуучу жалаяктар узак убакытта таштандыда жата берсе, ал бара-бара топурак менен сууну уулуу заттар менен ууландырат. Бул маселени биз азыр колго алып, чечпесек келечекте биз табигый таза топурак менен суудан айрылып калышыбыз мүмкүн”.
Кээ бир тажрыйбалар!
Талас облусунун тургундары Салтанат жана Акыйкат бир жолку айдалануучу жалаяктарды колдонбоого болушунча аракет кылышат. “Эркек балдарды биз эки жашка чейин бешике бөлөйбүз, бешике бөлөгөндө шимек тагып жалаякты колдонбойбуз. Ал эми бешике жатпаган учурда, колго жасалган жалаяктарды колдонуп турабыз. Бир жолку колдонулуучу жалаяктын ичин алып салып, ичине таза колго тигилген жалаяк салып колдонобуз. Мындай жалаяктар биз үчүн абдан пайдалуу, биринчиден акча көп сарпталбайт, экинчиден баланын ден-соолугуна зыян эмес жана таштандыга калдык дагы чыкпайт. Биз айыл жергесинде жашагандыктан бир жолку колдонулуучу жалаяктарды колдонгондон кийин өрттөйлү десек, такыр күйбөй койду. Аны билгенден кийин топуракка эле көмүп коебуз. Ал эми шаар жергесиндегилер таштандыга ыргытышат”, — дейт Салтанат.
Балдарга көп ирет колдонулган жалаяктар
Шотландия
Мамлекеттин колдоосу менен өлкөдө бир жолу колдонулуучу гигиеналык каражаттардын бардыгын, анын ичинде жалаяктарды пластикке жана целлюлозага ийгиликтүү кайра иштеткен «Ноуаст» заводу курулган. Алынган материалдан бакча шаймандары жана ар кандай курулуш материалдары жасалат. 2025-жылга чейин завод ыргытылган жалаяктардын 70% кайра иштеп чыгарат деп болжолдонууда.
Германия
Борбордук жана Батыш Европанын башка көптөгөн өлкөлөрүндөй эле немистер колдонулган памперстерди сапаттуу электр энергиясына жана жылуулукка айландырышат. Бул негизинен Германиянын Dual System (DSD), Green Dot долбоору жана башка жергиликтүү компаниялар же турак жай-коммуналдык кызматтар тарабынан ишке ашырылат. Адамдар памперстерди калдыктар үчүн арналган атайын кара идиштерге ыргытышат — Restmull. Ошондой эле таштанды өрттөөчү заводдор гигиеникалык таштандаларды алып кетүү үчүн пансионаттар жана балдар үйлөрү менен келишим түзүшөт.
Улуу Британия
Көп колдонуулучу жалаяктар жумалыгы 25-АПРЕЛЬ — 1-МАЙ
Көп жолу колдонулуучу жалаяк жумалыгы – бул үй-бүлөлөр жана жеке адамдар, өкмөттүк эмес уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана көп жолу колдонулуучу жалаяк коомчулугунун бардык мүчөлөрү (анын ичинде чекене сатуучулар, өндүрүүчүлөр, кир жуугуч кызматтары) чогулуп, көп жолу колдонулуучу жалаяктардын үй-бүлө жана айлана-чөйрө үчүн артыкчылыктарын талкуулоо мүмкүнчүлүгү.
Эко активист Влад Ушаков
Эко активсит Влад Ушаков бул маселени чечүүнүн бир нече жолун сунуштап, бирок азырынча бекемделген чечим жок экенин моюнга алат. “Биз деле чет өлкөлүктөрдүн тажрыйбасын алып, таштанды өрттөөчү заводдорду курсак болот. Бирок ал заводдон чыккан ыштар кайра абаны булгайт. Биожалаяктарды колдонууну сунуштап келишет, бирок мен бул тармакта көп жылдык тажрыйбамды эске алып биожалаяктар 100% экологияга коопсуз деп айтуудан алысмын. Анткени аларда дагы пластиктер колдонулат, жана топурака терс таасирин тийгизет. Жана андай жалаяктар азырынча Кыргызстанга келе элек, келсе дагы абдан кымбат баада сатылышы мүмкүн. Эң эле альтернативалуу жол көп колдонулуучу жалаяктарды колдонуу. Бирок бул мажбурлоо жолу менен болбошу керек. Ата-энелер бул жолду аң-сезимдүү жол менен келиши керек.
Кыргызстандагы жеке демилгелер
Аталган маселеге утурлай Кыргызстанда көп жолку колдонулуучу жалаяктарды даярдап саткан дүкөндөр иштейт. Ушундай интернет дүкөндүн ээси Азизанын айтымында табигый кездемеден жасалган көп ирээт колдонууга арналган жалаяктарды сурагандардын саны көбөйүүдө. Себеби аларда химиялык заттар аралашпаган экологиялык жактан таза кездемеден жасалат. Колго да, кир жуугуч машинага да жууса болот. Ымыркай кезден баштап 3 жашка чейин чак келет.
Сандар эмне дейт?
Ымыркайлар денесинде топтолуп калган 200 зыяндуу химиялык заттар менен төрөлүшөт.
Орточо бир жолу колдонулуучу жалаяк 61% пластиктен турат.
Бир бала жылына бир жолу колдонулуучу 2000 жалаяк колдонот.
Назира Джусупова