Ак-Талаа районунда жылдагыдай айлана-чөйрөнү тазалоо, таштандыдан арылтуу боюнча үч айлык жарыяланды. Анын алкагында аймакка караштуу бардык айылдарда айыл тургундары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери ар жуманын ишемби күнү ишембиликке чыгышат.
Тоголок Молдо айыл аймагында дагы өткөн аптадагы ишембилик өткөрүлүп, аймактагы социалдык обьектилер, турак-үйлөрдүн айланасы, сейил бактар, көчөлөр тазаланды. Чогулган таштанды муниципалдык ишкананын унаасы менен чыгарылды.
Белгилей кетүүчү жагдай, айыл аймакта бекитилген график менен айына бир жолу таштанды чыгарылат. Бул үчүн тургундар түтүн башына 50 сомдөн төлөйт.
Мээрим Тентиева