Бодо малдын сарык ылаңы — курч инфекциялык оорулардын, гастрит, гастроэнтерит, уулуу заттар менен уулануудан улам келип чыгат. Гепатиттин келип чыгуусунуна организмдин жалпы начарлоосу, веноздук системада кандын токтоп калышы мүнөздүү. Алдын алуу жана дарылоо жолу кандай?
1. Сарык эмнеден улам пайда болот?
Сарык же курч паренхималдык гепатит — боордун сезгенүү процесси. Ал боор клеткаларынын некрозу жана бузулушу менен коштолот. Боордун курч паренхималдык сезгенүүсү дээрлик өз алдынча пайда болгон оору катары кездешпейт. Ал көбүнчө курч инфекциялык оорулардын, гастрит, гастроэнтерит, уулуу заттар менен уулануу,гельминттер менен жабыркагандан улам келип чыгат. Гепатиттин келип чыгуусуна организмдин жалпы начарлоосу, веноздук системада кандын токтоп калышы мүнөздүү.
Боордун клеткалык элементтерине олуттуу зыян келтирилгенде, организмдин ферментативдик функциясы начарлайт. Гликогенолиз күчөтүлүп, ал гликогендин кескин төмөндөшүнө алып келет. Боордун жабыркаган клеткалары кандагы глюкозадан гликогенди синтездей албай калат. Боор клеткаларынын дубалдарынан анын өтүмдүүлүгү жогорулайт жана бул билирубиндин боор аркылуу канга өтүшүн жеңилдетет. Мындан улам, боордо пигменттик метаболизм (паренхималдык сарык) бузулат. Тамак сиңирүү органдарынын ишинде көйгөйлөр пайда болуп, ал өз кезегинде организмге өзгөрүлүп келген азыктардын негизинде ууланууну пайда кылат.
Токсикалык таасир борбордук нерв системасына жана жүрөк булчуңдарына да жайылып, өт кислоталарынын канга кириши менен шартталат. Нерв клеткаларынын жана жүрөк булчуңдарынын тамактануусу углеводдордун метаболизминин бузулушунун кесепетинен кескин начарлайт. Натыйжада мал жандыктардын организминде кысылуу абалы пайда болот.
2. Кандай патологиялык өзгөрүүлөр болот?
Ылаңдаган малдын боору:
• чоңоюп кетет;
• балбырак болот;
• басканда оңой эле тешилет;
• четтери каралжын түскө өзгөрүп кетет;
• кээ бир жерлери кызгылт күрөң жана боз жана саргыч түстө болот.
Боордун кесилген бөлүктөрүн микроскоптон караганда тамырлардын кеңейип кеткенин, ар кандай клеткалардын пайда болгонун, кан тамырлардын эндотелийин жана лейкоциттерди көрүүгө болот
3. Сарыктын белгилери билинеби?
Мал ылаңдап жатканда клиникалык белгилер көп учурда түшүнүксүз болот. Жалпысынан малдын алсыроосу, ден табынын жогорулоосу, депрессия, табиттин жоголушун, сусоо, кусуу, тез дем алуу, теринин кычышыуусун байкоого болот. Канда билирубин деңгээли жогорулайт.Кээде гастроэнтерит белгилери билинет. Ошондой эле мурундан жана башка органдар аркылуу кан кетүү болушу ыктымал. Гепатиттин курч формасы 3-4 жумага созулуп, калыбына келтирүү же өлүм менен аяктайт. Өнөкөт түрү циррозго өтөт.
Мындан тышкары дагы маанилүү белгилер катары былжыр челдин, жана теринин саргыч түстө өзгөрүшү сарыктын бирден – бир далили. Малдын заарасы да сары түстө боло баштайт. Анын себеби, өт кислоталары заарага кошулуп, андагы чыңалууну кескин төмөндөтөт. Мындан улам, заара жерге тийгенде көп көлөмдөгү сары көбүктү пайда кылат.
4. Диагноз кандай коюлат?
Адатта ылаң курч өңүттө өтөт. Мындан улам ветеринардын көзөмөлү сөзсүз зарыл. Диагноз маалыматтардын топтомуна негизделип коюлат: клиникалык белгилерге, лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары, кан, заара ж.б.
5. Дарылоо жолдору кандай?
Дарылоо биринчи кезекте негизги ооруну жоюуга багытталышы керек. Мал баккан жайда жакшы шартты түзүү көптөгөн ооруну алдын алат. Ичеги, жүрөк, бөйрөктөрдүн абалына көңүл буруңуз жана зарыл болсо, симптоматикалык дарылоону уюштуруңуз. Боордун ишин жакшыртуу үчүн аскорбин кислотасы менен глюкоза эритмеси тамыр аркылуу куюлат. Теринин астына — инсулин, тиамин, филлокинон же викасол (бодо мал 0,1 — 0,3, күнүнө 2-3 жолу). Мындан тышкары ичеги-карындардагы зыяндуу заттарды жоюуну тездетүү үчүн ичирүүчү жана микробго каршы чакан дозалар дайындалат. Жаныбарларды сапаттуу эмес тоют менен ууландырууга жол бербеңиз.
