Бодо малдагы эң көп кездешкен ылаңдардын бири – котур. Бул макаладан сиз котур ылаңынын козгогучтары, жуктуруунун булактары, оорунун белгилери, дарылоо ыкмалары жөнүндө биле аласыз.
1. Бодо малдын котур ылаңы кайдан келип чыгат?
Котур — бул эндопаразиттик оору. Анын козгогучу — демодек кенеси. Ал уйдун май бездерине таасир этет. Паразиттин көлөмү 0,3 ммден ашпайт жана анын денеси курт сымал. Кененин кыска, үч сегменттүү буту бар. Бул кенелердин өзгөчөлүгү, бир нече миңдеп топ болуп, бирге жашашат. Кененин ургаачылары жумуртка тууйт. Андан 5-6 күндөн кийин личинкалар чыгат. Жумурткадан кенеге чейинки трансформация цикли 25-30 күнгө созулат.
2. Бодо малга котур ылаңынын жугуу жолдору кайсылар?
Бул ылаңдан көбүнчө ири мүйүздүү малдар жана иттер жабыркайт. Бирок, мышыктар менен чочколор да котур болгон учурлар кездешет. Инфекция оорулуу жандыктар менен байланыштуу. Ошондой эле фермадагы ар түрдүү шаймандар да жуктуруу жолу боло алат.
Маанилүү! Котур ылаңы – малдын өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтөт, өсүү темпин жайлатат жана иммундук системасын начарлатат. Натыйжада уй башка инфекциялардан корголбой калат.
Мындай учурда оору тез жайылат. Андыктан, оорунун жайылышына жол бербөө үчүн, жаныбарлар менен иштөөдө өтө этият болуу, үйүрдү үзгүлтүксүз текшерип туруу керек. Эгерде оорулуу мал табылса, аны дароо үйүрдөн бөлүп кароо зарыл. Мындан тышкары, мал жандыктар менен иш алып барган соң малчы сөзсүз иш кийимдерин дезинфекциялашы керек.
3. Бодо малдын котуру дененин кайсы бөлүктөрүндө пайда болот?
Оорунун очоктору малдын башы, көкүрөгү, жону жана туяктарында көп орун алат. Кене териге кирип, кабыгынын эпителий клеткаларын сыртынан да, ичинен да жок кылат. Мындай таасирдин натыйжасында түктөрдү калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Котур орун алган жерде бара-бара ириңдин пайда болушу мүмкүн. Бодо малдын бул илдет менен ылаңдоосунда тобокел тобу катары 3 айлык жана андан жогору жаштагы малдар кирет. Ал эми демодекс кенелерин көбөйүүсү үчүн жаз-жай мезгили эң ыңгайлуу учур болуп саналат.
4. Бодо малда котурдун белгилерин байкаса болобу?
Төмөндөгү белгилер аркылуу бодо малда котур ылаңы бар же жок экенин байкоого болот:
• териде диаметри 10 ммден ашпаган бүртүкчөлөрдүн болушу;
• жаныбардын жабыркаган жеринде түктүн түшүшү;
• бүртүкчөлөрдү баскан учурда ак боз заттын пайда болушу;
• уйлардын кычышуусу жана кызаруусу байкалбайт.
Сиз билесизби? Уйлардын жыт билүү сезими башка көптөгөн жаныбарларга караганда начарыраак. Бирок, уйлар чөп жей электе шалбаада жерди жыттап алат. Алар, мисалы жаңы жер семирткичтерди тапса, тамактануудан баш тартышат.
5. Бодо малды котур ылаңынан айыктырууга болобу?
Котурду элдик ыкмалар менен да, ветеринардык дары-дармектер менен да айыктырууга болот. Бирок, так диагнозду жана дарылоо курсун ветеринар гана бере алаарын эстен чыгарбоо керек.
Маанилүү! Диагнозду тастыктагандан кийин гана дарылоону баштоо керек. Ал эми ар бир учурда дарылануу индивидуалдуу мүнөздө болот. Ал куракты, ден-соолукту жана теринин жабыркашын эске алат.
6. Котур ылаңын мал жандыктарда алдын алуу жолдору кандай?
- Жаңы алынган малдарды дароо үйүргө кошпой, аларды обочо кармап текшерүү керек. Карантин чарасы бүткөн соң, үйүрдүн жаңы мүчөлөрү киперметриндин алсыз эритмеси менен дарыланат;
- май айынын башында (жазгы жылуудан кийин) уйларда мите курттардын бар-жогу текшерилет. Эгерде мите курттар мал жандыктардан табылса, аларды башкалардан бөлүп, акарициддер менен дарылашат. Вирус ыктымалдыгы бар болгон жайлар, шаймандар жана кийимдер колдонуудан кийин дезинфекцияланат;
- Ар кандай вирустук инфекцияга каршы малдын иммунитетин күчөтүү керек. Кээ бир малчылар кыш мезгилинде тоютка элементардык күкүрт кошушат, ага кененин козгогучу чыдай албайт, бирок дозаны ветеринар гана аныктай алат.
- Уйлардагы котур чарбага олуттуу зыян келтирүүчү жагымсыз илдет. Бул оорунун алдын алуу үчүн жаныбарларды үзгүлтүксүз текшерүүдөн өткөрүп, алгачкы белгилери байкалганда, тезинен ветеринарга кайрылып, оорулуу мал жандыкты бөлүп туруу керек. Туруктуу профилактика оорунун өнүгүшүн алдын алат.
Уйлар кандай ооруларга чалдыгышы жана аларды кандайча дарылоо керектиги жөнүндө көбүрөөк билип алыңыз.
Жугуштуу чечек ылаңы тууралуу билиңиз
Бодо малды сарык ылаңынан сактоо чаралары