Съездбек Таштакеев 9 баланын атасы. Жубайы Гүлбарчын Калдыбаева экөө бирге тарбиялаган 5 уул, 4 кыздын учурда алтоо шахмат оюндарын ойнойт. Ал эми алардын арасында Азиянын жана Кыргызстандын бир канча чепиондугун жеңип алган уул-кыздары бар.
Съездбек Таштакеев жана Гүлбарчын Калдыбаева 9 баланын ата-энеси. Алардын алтоо шахмат ойноп, төртөө бул багытта чемпиондор.
— Саламатсызбы, Съездбек агай. 9 балаңыздын учурда канчоосу шахмат ойноп, чемпионаттарга катышып келет?
— 5 эркек, 4 кызыбыз бар. Жаратканга шүгүр. Учурда 6 балам шахмат ойнойт. Алтоонун ичинен төртөө чемпиондор. Улуу балам Руслан учурда 18 жашта. Ал Азиянын 3 алтын байгесинин ээси. Чоңдор арасында олимпиадага 2 жолу катышты. 2 балам спорттун чебери. Ал эми Айжан жана Алмаз спорт чеберлигине талапкерлер. Кызым Айжан Кыргызстандын тарыхында эң алгачкылардан болуп 2 жыл мурун Шри-Ланка мамлекетинде шахматтын классика түрүндө алтын байгени багындырган. Андан тышкары күмүш байгелери бар. Кыргызстандын дагы 4 жолку чемпиону.
— Балдарды шахматка канча жаштан баштап тарбиялап баштайсыз?
— Руслан, Арзыбек, Алмаз – үч уулум ууда төрөлгөн. Руслан балам шахматты жети жашынан ойноп баштаган. Ал эми Алмаз беш жашынан баштады. Үч уулумдун ийгилиги кызым Айжанга дагы өзгөчө шык бердик окшойт. Айжан төрт жашынан шахмат ойноду. Жарым жыл ичинде кызым кадыресе ойноп калды. 5 жашында Кыргызстандын биринчилигине катышып, 6 жашка чейинки кыздар арасында 1-орунду багындырды. Кыргызстандын расмий биринчиликтерин уткандар чет өлкөгө жолдомо алышат. Айжан биринчи жолдомосун Монголияга алып, ал жерден күмүш байгени багындырган. Ошондо, баланы кичинекей курагынан эле спорт, анын ичинде өзгөчө шахмат менен машыктырып, алардын көңүлүн буруп, кызыктыра алсак демек көп жеңиштер, ийгиликтер болот экен ойдо калдым.
С. Таштакеев: Айжан 8 жашында Шри-Ланкадан алтын медалды утуп келди. Көрсө, кызым өз ийгилигин 5 жыл эрте эле сезген экен…
— Агай, шахмат чемпиондорун тарбиялоодо баланын жөндөмү канчалык маанилүү?
— Шахматка болгон шыктын мааниси абдан чоң. Ийгиликтин 1% — талант, 99% — эмгек деп айтылат. Ушул сөз абдан туура. Негизи, ар бир балада талант бар. Көпчүлүгүбүз аны байкабайбыз. Албетте, бардык эле баланын таланты шахматта эмес. Мүмкүн бир баланын таланты сүрөт тартуу болсо, дагы бирөөнүкү күрөш болушу мүмкүн. Булактын көзүн ачкандай, баланын талантын ачып, аны өркүндөтүп кетүү — бул ата-энелерден толук көз каранды. Биздин балдарыбыз абдан талантуу болду, көптөгөн ийгиликтерге жетти. Эң башкысы биз балдарбыздын талантын туура колдонуп, бапестеп өстүрө алдык. Мисалы, Индия өлкөсү, коңшуларбыз Кытай, Казакстан, Өзбекстанда элдин саны дагы көп, даярдыгы дагы жакшы. Аларда мамлекет тарабынан шахматка колдоо көрсөтүлүп, жакшы даярдыкта келишет. Айжандын Азия биринчилигинде Кыргызстандан барып, тарыхка чыйыр салып, алтынды багындырып келгендиги шахматта таланттуу экендигинен кабар берип жатат. Канчалаган балдардын таланты ачылбай калып жатат. Өзгөчө айыл жерине барганда балдардын көзүндө күйүп турган умтулууну, патриоттук сезимди, ички потенциалды байкайм. Андай балдарыбыз көп. Бирок, ошол талантты ачып чыгаруу ата-эне, машыктыруучу жана коомдон көз каранды.
— Баланын шыгын, потенциалын ата-эне кантип аныктай алат?
— Мен өзүм кичинекей кезимден эле шахмат ойноп келчүмүн. Тилекке каршы, спорт чебери болуп же башка ийгиликтерге жете алган жокмун. Бирок, шахмат жүрөгүмдө жашап келиптир… Балдарыбызды кичинекей кезинен ар тараптуу өнүктүрүүгө аракет кылдык. Шахматтан тышкары гимнастика, музыкалык ийримдерге барып жүрүштү. Азыр Айжан фортепианону жакшы ойнойт, жакшы бийлейт. Андан тышкары, дзюдо, футболго дагы барат. Тренерлери Айжанды футбол багытында кетсе, келечекте күчтүү футболист чыгат деп айтышат. Буларды айтып жатканымдын себеби, баланын талантын ача билүүдө ага ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрдү берүү керек. Ошондо эле, кайсыга көп басым жатканы, кызыгуусу, кандай жүзөгө ашырып жатканы көрүнүп калат. Баланы тажатып жибербей, аяр мамиле менен өрчүтүп отурса, биз күтпөгөн ийгиликтерге жетет деп ишеничтүү айта алам.
С.Таштакеев: Баланын талантын ача билүүдө ага ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрдү берүү керек.
— Балдарыңыз менен шахмат машыгууларын күн сайын өткөрөсүздөрбү?
— Ооба. Күн сайын машыкпаса, ийгилик жаратуу абдан кыйын. Мен кызыма жана балдарыма абдан ыраазымын. Талыкпай, ата-эне катары биздин дагы колдообузду туура кабыл алып келишет.
— Болочокто чемпион болом деген балдар кандай кулк-мүнөздүн ээси болушу керек?
— Мүнөздүн адам баласынын жашоосунда ролу абдан чоң. Мисалы, кызым Айжандын амбициясы абдан күчтүү. Ал 3 жашында улуу балам Руслан Шри-Ланка мамлекетинде чемпионатка катышып жатып, 8-турдан утулуп калды. Келинчегим экөөбүз кечинде үйдө Русландын утулуп калгандыгы тууралуу сүйлөшүп жатсак, Айжан “мени жиберсеңер утат болчумун” деп айтып жатпайбы. Ага чейин дагы, ата мени жиберсеңер мен утуп келем деп жаткан. Өзү анда шахмат билчү эмес. Шахмат өнөрүн билбесе дагы, өзүнө болгон ишеним, алдын-ала сезүү, алдыдагы ийгиликтерине карата өзүндө психологиялык даярдыктары болгон экен. Кийин 8 жашында Шри-Ланкадан алтын медалды утуп келди. Көрсө, кызым өз ийгилигин 5 жыл эрте эле сезген окшойт.
— Баланын өзүнө болгон ишенимин кантип калыптандырууга болот?
— Балага болгон ишеним кичинекей кезинен калыптанат. Мен чоң атамдын колунда тарбияландым. Ал киши баланы 7 жашка чейин хандай сыйлаш керек дечү эле. Наристе кезинде ата-энеден мээрим алган балдар өзүнө ишенимдүү, күчтүү болот экен. Анан 7-14 жаш арасы ар өнөргө үйрөтүп, баланы чоң турмушка тарбиялоо керек. Ал эми 14 жаштан кийин ар бир балага досуңдай мамиле жаса деген сөздү улуу адамдардан, аксакалдардан көп уктум. Баланын өзүнө ишенимдүү болуусу үй бүлөсү жана чөйрөсүнөн көз каранды. Курсактагы кезинен наристеге чексиз мээрим керек. Деги эле шахматта эмес, спорттун бардык түрүндө адамдын өзүнө болгон ишеними абдан маанилүү. Толук кандуу ишеним – жарым жеңиш деп бекеринен айтылбайт.
Уул-кыздардын камсыздаган жеңиштери
Касиет Кубанычбек кызы
«Күндүз келип шахмат ойноп турабыз». Ат-Башы районунда аксакалдар клубу иштейт