Нарын облусундагы Сөң-Көл жайлоосуна жыл сайын миңдеген туристтер баш багышат. Ал эми өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, быйыл туристтердин келиши тууралуу Чолпон айылдык жайыт комитетинен сурап көрдүк.
Урмат Өмүрбеков- Кочкор районунун Чолпон айылындагы жайыт комитети
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылындагы жайыт комитети Урмат Өмүрбеков буларга токтолду:
“Чолпон айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмеси жайыттарды кыйыр пайдалануучулар менен иш алып барат. Нарын облусундагы Сөң-Көл жайлоосуна канча жылдан бери туристтер агылып келет. Ошондой эле жыл сайын, келген туристтердин саны өсүүдө. Ошону менен бирге эле өлкөбүздүн экономикасына дагы жакшы таасир тийгизген. Чолпон айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмеси былтыркы 2019-жылдын жай мезгилинде Сөң-Көл жайлоосунун Батай-Арал участогунда турист тосуп алектенүүчүлөр менен иш алып барылып казынага 180 миң сом жайыт акы өндүрүлгөн. Учурдагы кырдаалга байланыштуу быйылкы жылы туристтердин келүүсү күмөн жаратат. Муну менен турист тосуучу адамдар, мамлекеттин экономикасы, туризм чөйрөсү аксоого дуушар болууда. Эгерде абал турукташып калса, бардыгы мурункудай эле өз нугуна түшөт деген ишеничтебиз.”
Сөң Көл жайлоосу Чолпон айыл аймагынын борборунан 150км алыстыкта жайгашкан.
Сөң-Көл көлү турган жери деңиз деңгээлинен 3016 км бийиктикте турат.
Жайыт комитети Урмат Өмүрбеков Сөң-Көл жайлоосуна келген туристтер менен баарлашуу учурунда
Соң- Көл жайлоосуна негизинен Нарын облусунун малчылары жайлап, мал багышат. Мал оорулары тууралуу окуңуз.
Перизат Таштанова