Баетов айылында жазгы талаа иштери башталып, бүгүнкү күнгө чейин 20 гектарга жакын жер айдалып бүттү. Айдап себүүгө даярдык учурунда бардык техникалар кароодон өткөрүлгөн.
Бирок быйыл кар аз жаагандыгына байланыштуу сугат суунун тартыштыгы дыйкандарга кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Бул боюнча Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбеков мындай дейт: “Биз Терек айыл өкмөтү менен бирге сууну Бактыгул каналынан алабыз. Каналга суу Орто-Сырт мөңгүлөрүнөн Терек-Суу аркылуу куят. Быйыл кар аз жаагандыктан сугат суу кыйынчылык жаратат”.
Талант Турусбеков
Тактап айтканда, Баетов айыл аймагына тиешелүү 1409 гектар жердин 325 гектарына дан эгиндери, ал эми калган 1084 гектарга тоют өсүмдүктөрү айдалат. Ошондой эле быйыл айдап себүү иштерин 20-майга чейин аяктоо пландалууда.
сүрөт интернеттен алынды
Даярдаган: Мамытбекова Гүлбарчын