Ысык-Көл облусуна караштуу Тасма айылынын чет жагында Акмарал конушу жайгашкан. Бул жерден мектепке чейинки аралык төрт километр. Ага карабастан окуучулар барып келип окушат.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Асанакун Дүйшөбаев учурда 79 жашта. Жашы улгайганына карабай баскан-турганы, сүйлөгөнү тың дешет айыл тургундары.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ар багыттагы адистери белгиленген график боюнча райондогу 17 мектептин окуучуларын кезектеги медициналык кароодон өткөрүштү.
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими М.Базаркуловдун 80 жылдык мааракесине карата Ак-Талаа райондук маданият үйүндө көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө сүрөттөр, дубал гезиттер жана окуучулардын дилбаяндары коюлган.
15 жыл бою агартуу министри болуп иштеген М.Базаркуловдун 80 жылдык мааракеси өзүнүн туулуп-өскөн жеринде салтанат менен белгиленди. Ага райондун жетекчилиги, мекеме жетекчилери, агартуу кызматкерлери жана окуучулар катышты.
Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык адистери атайын үч күндүк окуудан өтүштү.
Мурдатан келе жаткан форма фартукка көнүп калган Токтоян айылынын элдери жаңы формага көз караштары башкача. Форманын чыкканы жакшы, бирок бааларынын кымбаттыгы карапайым элди тынчсыздандырып жатканын айтышат.
Азыркы маалымат доорунда болочок кесипти таңдоодо жардамга келчү булактар миңдеп саналат.Жөндөм,шыкты өнүктүрө турган окууга барасыңбы,же маселени ата-эне, туугандар чечишеби?Кыргызстанда кайсы кесип ээлерине талап күчтүү,канткенде болосок диплом өзүнө да,коомго да пайда …
Ашырбай Коёнкөзов мектебинде окуучулардын саны 215 болсо, алардын бардыгына китептер толугу менен жетишсиз.
Түп районундагы Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов жалпы орто билим берүү мектебинде химия сабагынан берген мугалим жок болгондуктан, мектеп директору, математик Калык Албанов кошумча кылып химия сабагынан берет. Мындан улам мектеп окуучулары жетишээрлик …
Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин мугалими Анара Жаркынбаева Билим беруу министринин ардак грамотасына ээ болду. Жаркынбаева аталган мектепте башталгыч класстын мугалими болуп 36 жылдан бери эмгектенип келет.
Тасма айылынын тургуну Кекил Ишенбаева учурда 67 жашка келип калды. Кекил энени айыл тургундарынын бардыгы таанышат. Себеби кандай гана оору болбосун ага кайрылышат.
«Бакай-Ата» жааматтык мультимедиа борборунда азыркы маалда беш ыктыярчы эмгектенүүдө. Алардын ичинде эң активдүүлөрү эгиздер Асан жана Үсөн Сүйүтбековдор.
Үч-Коргондогу твиттер кабар түйүнү жаш журналистер демилгеси менен кайрадан жанданды
Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы мектебинде түшүм майрамы болуп өттү. Жыл сайын күздө майрамдалуучу бул күн быйыл салыштырмалуу өзгөчө болду дешүүдө тургундар.
Бакай-ата айылынын Ленин орто мектебинде азыркы маалда 1-класстан 11-класстын окуучуларына макас таркатылууда. Бул бут кийим таркатылганына окуучулар кубанууда.
Түп районунун Тасма айылдагы Асан Сопиев мектебинде окуучуларга китеп жетишпей келүүдө. Ата-энелер балдарына китеп жетпегенине нааразы болушууда. Мектеп китепканачысынын билдирүүсүндө, башка мектептерге салыштырмалуу 70% китеп менен камсыз болгон.
Бир жылда бир келүүчү мугалимдердин кесиптик майрамы Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде таң эрте салтанат менен башталды.
Учурда жогорку билимдүүлөр көп болгону менен өз кесибинин ээси болбостон башка нерсе менен алектенип келишет. Бул материалда Куланак айылында «жогорку билимдүүмүн, бирок жумуш жок» деп отура бербестен сүйгөн кесип таап алган …
“Суу, санитария жана гигиена” долбоорунун алкагында Нарын районунун Куланак айылындагы Аралбаев мектеби жеңишке жетип, жаңы даараткана мектеп ичине курулууда.