Мобилдик борбордун мүчөлөрү Токтоян айыл башчысы Айбек Алмабековдон быйыл алдыга койгон максаттары туурасында билип көрүүгө кызыккан. Мобилдик борбор Токтоян кыштагында жайгашкан. Маекти жүргүзгөн Сыймык Максат уулу.
Мобилдик борбордун мүчөлөрү Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаровдон быйыл алдыга койгон максаттары туурасында билип көрүүгө кызыктык. Мобилдик борбор Кулатов айыл өкмөтүнүн борбору Кызыл булак кыштагында жайгашкан. Маекти жүргүзгөн Канболот Абылкасым уулу.
Учкун айыл округунун жашоочулары үчүн 2014-жылдын 20-январында жылдын жыйынтыгын чыгаруу үчүн атайын чогулуш болуп өттү. Чогулушка Нарын райондук администрация башчысы Т. Жанбоев жана башка мекеме жетекчилери катышышты.
Нарын облусунун борборунда жайгашкан Куланак айылынын уулдары “Элим Жерим” коомдук фондун түзгөн. Фондун мүчөлөрү өткөн 2013-жыл үчүн өз ара жердештер алдында отчёт беришти.
Жергиликтүү тартип коргоо кызматкерлери билдиргендей, иш чаранын максаты кылмыштуулунтун алдын алуу. Алар кошумчалагандай кечкисин 8:30дан баштап айыл көчөлөрөрүндө рейд өтмөкчү.
Аталган тренингди Айыл демилгеси коомдук бирикмесинин филиалынын жетекчиси Болотбек Сурапов өткөрдү.
Мусаева Шырман эжеке Т. Айбашев орто мектебинин математика жана адеп мугалими. Эл агартуунун, профсоюздар кеңешинин мыктысы жана бир канча төш белгилердин ээси болууга жетишкен. 42 жылдын ичинде үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

2010-жылдагы болгон жер титирөөдөн мектеп жараксыз абалга келип калган. Ошондон көп өтпөй эле жаңы мектеп курула баштаган. Азыркы күндө мектеп ар тараптан камсыз болду.

Ноокат районундагы Ынтымак айылдык округунун тургундары айылга жакын жайгашкан цемент завод түтүнүнөн жабыр тартып жатканын айтып кейишет. Завод башчысы болсо ал зыяндуу түтүн эмес, болгону буу деп тургундарды кабатыр болбоого чакырат.