Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Балдар

Тасмада окуучулар англис тил жумалыгына активдүү катышышты

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинде англис тил жумалыгы өттү. Учурда окуучулардын чет тилине болгон кызыгуусу күч. Жумалыктын алкагында көргөзмөлөр, дубал газеталар жасалды.

14 Февраль 2021 жыл 21:33

Караколдо «Эл аралык китептерди белекке берүү» күнү белгиленди

Каракол шаарындагы К.Эсенкожоев атындагы облустук балдар китепканасында 14- февраль «Эл аралык китептерди белекке берүү» күнүнө карата иш чара өттү. Ага студенттер жана окуучулар чакырылып, журналист Мурат Султанов, жазуучу Руслан Кылчыкбаев, …

14 Февраль 2021 жыл 21:23

Сокулук районунда жардам акциясы болуп өттү

Инсан болуу бул өзү чоң бакыт. Ал эми инсандардын бири-бирине жылуу сөздөрдү арнап, белек берип бакыт тартуулоосу чексиз кубаныч. Ар бир инсанга бакыт жана кубаныч тартуулоо максатында Сокулук районуна караштуу …

14 Февраль 2021 жыл 18:59

Окуучу кыз түрдүү кагаздардан гүл жасап акча табат

Буйрутма алып кагаздан гүл жасап, ата-энесине жардам берген Баян Руслан кызы. Баян 16 жашта. Азыркы учурда Түп районунун Арал айылындагы Жеңишбек Ашымов мектебинин 10-классынын окуучусу.

14 Февраль 2021 жыл 14:59

Токтогулда бардык мектептер кадимки режимде окуп баштады

Токтогул райондук жарандык коргонуу боюнча кезектеги штаб-кеңешмесинин чечими менен Токтогул районундагы бардык орто билим берүүчү мектептер кадимки режимде окуп башташты.  Штаб-кеңешменин чечими боюнча мектептерде баардык санитардык режимдер сакталыш керек.

11 Февраль 2021 жыл 12:12

Элетте музейге айланган китепканалар

Кыргызстан боюнча ишке ашырылып келе жаткан «Бир адамдан бир китеп» долбоору Суусамыр өрөөнүнүн тургундары тарабынан да колдоо тапты. Айрыкча жаштар долбоорго жигердүү катышып, акыл казынасы саналган ар кыл китептер менен …

10 Февраль 2021 жыл 15:07

Суусамыр: Жол азабы же мектепке жетүү көйгөйү

Суусамыр айыл аймагына караштуу Биринчи май айылынын калкы чачыранды жайгашып, бири-биринен алыс отурукташкан. Ал тургай, айрым тургундар айылдагы мектептен  5 км ыраактыкта орун алышкан. Ага ылайык, табияты катаал аймакта кышкысын …

10 Февраль 2021 жыл 13:25

Акталаадагы мектепте компьютердик окуу бөлмөсү ачылды

Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектепте компьютердик окуу бөлмөсүнүн ачылышы болуп, ага айыл тургундары, мугалимдер, окуучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөру катышты.

9 Февраль 2021 жыл 13:03

Төлөк айылындагы бала-бакча салттуу түрдө иштей баштады

COVID-19 вирусу күч алгандан баштап, өлкөбүздөгү бардык мекемелер иштебей калган. Ал менен утурлай эле, Кочкор районунун Төлөк айылындагы бала-бакча жана мектеп өз ишин токтотушкан. Азыркы учурда «Фаризат» бала-бакчасы бөбөктөргө кайрадан …

9 Февраль 2021 жыл 12:53

Аялдар кеңеши кыздар менен жолугушуу өткөрдү

3-февраль күнү Үч-Коргон айыл аймагынын аялдар кеңешинин кезектеги жолугушуусу А.С.Пушкин орто мектебинин мугалимдер жамааты жана 9-11-класстар окуучу кыздары менен өткөрүлдү. Жолугушууга Бишкек шаарынан келген экономист, продюсер жана журналист Назира Джуман …

5 Февраль 2021 жыл 13:03

Кара-Суу: Бала бакча иштей баштады

Пандемияга байланыштуу жабылган бала бакчалар, мектептер, жогорку окуу жайлары өз тартибинде акырындап ишке кирише башташты. Жайыл районунун Кара-Суу айылдагы «Ботокөз булак» аттуу бала бакчасы да балдарды кабыл ала баштады.

2 Февраль 2021 жыл 21:48

Куланак: Окуучулар 3 чакырым алыстан келип билим алышат

Нарын районунун Куланак айылынан 3 километр алыс жайгашкан “Он сарай” аймагында жалпы 15 түтүн эл жашайт. Сарайдан мектепке сапар тарткан 17 окуучу бар. Окуучулардын аталары кезектешип мектепке жеткирсе, кээде балдар …

2 Февраль 2021 жыл 21:29

Куланак: Коопсуздукту талап кылган кышкы оюн

Нарын районунун Куланак айылында кышында муз аянтчасын ачылышын айыл эли чыдамсыздык менен күтүшөт. Быйылкы жылы биринчилерден болуп Болдубек Айдарбеков айыл элинин, жаштардын ойноосуна шарт түзүп берди.

2 Февраль 2021 жыл 10:17

Жаштарды өнүктүрүүгө багытталган тренинг өттү

Тасма айылынын окуучусу Аяна Жайлобаева долбоор жазып долбоордун алкагында эки күндүк тренинг өтүлдү. Тренингден жаштар кызыктуу маалыматтарды биле алышты. Анын ичинде ар түрдүү оюндар ойнотулуп, белектер берилди. Бардык катышуучулар ушундай …

1 Февраль 2021 жыл 19:38

Айылда чаналарды дат басты

«Биз кичинебизде эртең менен чыккан боюнча кеч киргенче чана тепчибиз. Күндүн суугу, курсагыбыздын ачканын да сезбейт элек»,- дешет улуу муундагы айыл тургундары. Азыр айылда чана тепкен балдарды аз учуратса болот. …

1 Февраль 2021 жыл 19:20

Адистен кеңеш: Балдардын телефон оюндарына азгырылуусун кантип азайтса болот?

Учурдун балдары убактысынын көп бөлүгүн телефон оюндарына арнап жатканы көпчүлүк ата-энелерди ойго салды. Бул адат кантип пайда болду, өспүрүмдөрдүн бул жоругу кандай кесепеттерге алып келет? Көйгөйдү кантип чечүүгө болот? Психолог …

1 Февраль 2021 жыл 12:11

Кесиптик лицейде этнобилим ыкмасын колдонуп кесиптик багытта адистикке даярдайт

Сокулук районуна караштуу, Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин мүдүрү Бактыгүл Жусупова иш- аракетинин аркасында окуучуларды кесипке үйрөтүүдө, мугалим-устаттар этнобилимге карай окуутуунун тематикалык пландарын иштеп чыгышты.

31 Январь 2021 жыл 11:01

Учкун айылында жаш журналисттер үчүн тренинг өткөрүлдү

Нарын районунун Учкун айылында бүгүн 29-янбарда “Учкун” жамааттык мультимедиа борборунда журналистика тармагына кызыккан жаш волонтёрлор үчүн тренинг өтүлдү. Тренингдин максаты жаш журналистерге макала жазуу жана сүрөт, видеону туура тартууну үйрөтүү …

29 Январь 2021 жыл 21:13

Кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бугүн Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде Жаңы-Жер айыл аймактык милиция бөлүмчөсүндө эмгектенишкен милициянын ага лейтенанты Жыргалбек Ниязалиев жана милициянын лейтенанты Актилек Рахманов окуучуларга жыйналыш өттү. Жаш өспүрүмдөргө …

29 Январь 2021 жыл 18:18

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...