Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 5-февраль күнү аккредитация өттү.
Кызыл-Ай айылынын так ортосунда жайгашкан Жалал Асанов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Булдуров Даниил «Акыл Ордо»оюнун уштурду.
Ооган-Талаа айылына Индиядан келген Ранджид Кумар жана Сониа айым «Фейр трейд» компаниясынын кызматкери Азиз Расулов конокко келишти.
Жакында Нарын районунун жана Нарын шаарынын аймагында «Укук-тартип» аталышындагы рейд болуп өттү. Аталган рейддин максаты жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу жана бузуулардын, жоруктардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.
2-февралда мекеме кызматкерлери арасында волейбол оюну болуп өттү. Бул оюндун максаты мекеме кызматкерлеринин ынтымагын бекемдөө жана ден-соолукту чыңдоо болуп эсептелет.
Акын Кундузбү Маматова Ооган-Талаа айылынын Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Камбарали кызы Гүлназ социалдык тармак аркылуу ырларын окуп, ага Сатыбалды Далбаев жөнүндө ыр жазып берүүсүн өтүнүп …
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын орто мектебинде жайгашкан “Ак кептер” медиаборбору мектеп окуучулары арасында, “эс алуу минутасы” (физминутка) боюнча конкурс уюштурду.
1- февраль күнү «Талас облустук жаштар Кеңеши» коомдук бирикмесинин борборунда “Унчукпай коюу болбойт” аталашында сүрөт көргөзмөсү жана талкуу болуп өттү. Талкууда жаштар, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарынын өкүлдөрү, укук коргоо …
2019 жылдын 1- февраль күнүндө, Талас шаарынын «Байбол» музаянтчасында, жаш өспүрүмдөр арасында таймаш болуп өттү. Уюштуруу тарап Талас облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору болду. Бул таймашта жалпысынан …
Кара-Суу айылында ар кандай кесипке ээ болушкан, өнөрлүү жаштар көбөйө баштады, жаш келиндер, кыздар ар түрлүү кесиптерге ээ болуп, өз өнөрлөрүн эл үчүн тартуулай башташты. Алсак, алардын бири — айыл …
Ак-Талаа районунун Баетов атындагы Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө Баетов айылынын тургуну Жеңишгүл Оторовага жардам берүү максатында кайрымдуулук концерт болуп өттү.
Талас шаарында “Бакубат” баскетбол тобу 2016-жылы ачылгандан баштап биринчи орундарга ээ болууда жана чоң ийгиликтерди жаратууда.
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда жаштарга жана жалпы эле элге туура багыт берүү максатында семинар өткөрүлдү.
Суусамыр өрөөнүндөгү эң мыкты мектеп окуучулары апрель айында Жогорку Кеңешке барып депутаттар менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Суусамыр FM радиосунун жетекчиси Айзада Калканбекова билдирди. Анын айтымында, бул жолугушуу алгачкы жолу …
Базар-Коргон районуна караштуу Гүмкана айылынын 10-классынын окуучусу колдо оюнчук машина жасады. Бул жөнүндө Хамдам Гапуржанов менен маек курдук. Бул машинаны чогултуш үчүн 4 саат убакыт кеткен. Эң эле кызыгы бул …
Кубаныч Султан уулу Суусамыр өрөөнүнөн чыккан атактуу көк бөрү оюнчусу. Ал 19 жашынан баштап эле көк бөрүгө кызыгып, ойноп келет.
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 5-6-7-класстары арасында «Көңүлдүү старт» спорттук оюну болуп өттү.
№17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде «Менталдык арифметика» боюнча ата-энелерге түшүндүрүү жыйналышы болду. Жыйналышка мектепте окуган окуучулардын ата-энелери, райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Нуралиева Нургул келип, менталдык арифметика боюнча видеолор, …
Ак-Талаа районунун Баетов айылында биринчи жолу «Кыял» деп аталган мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүүчү борбор ачылды. Ачылыш-азем облус башчы Аманбай Кайыпов, райондук аким Нурбек Молдокадыров жана мекеме-ишкана жетекчилердин катышуусу менен …
Талас шаарындагы №5 орто мектебинин 10-классынын окуучусу жаштайынан хореограф болуп алектенет жана “Mess” тобун ачты.