Суусамыр өрөөнүндөгү эң мыкты мектеп окуучулары апрель айында Жогорку Кеңешке барып депутаттар менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Суусамыр FM радиосунун жетекчиси Айзада Калканбекова билдирди. Анын айтымында, бул жолугушуу алгачкы жолу эмес, буга чейин да мындай жолугушуулар болгон. Бул саамалык Суусамыр FM радиосундагы “Парламент сүйлөйт” долбоору аркылуу ишке ашууда. Мындан 3 жыл мурун Айзада Калканбекова “Парламент сүйлөйт” аттуу долбоор жазып Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Конушбаев демөөрчү болгон. Аталган долбоор мектеп парламентин өнүктүрүп, окуучулардын аң-сезимин жана билимин көтөрүү максатын көздөйт. Тынчтык Конушбаев окуучуларга стимул катары радиовикторинанын жеңүүчүлөрүн Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуу өткөрүү демилгесин да колго алган. Бул жолу “Парламент сүйлөйт” таймашы 3-айлампасын өткөрдү. Тагыраак айтканда, “Парламент сүйлөйт” сынагына быйыл үч жыл болот. Быйылкы жылдын эсебинен өтүп жаткан таймашта 5 мектептин премьер- министрлери күч сынашты.
Радиовикторинада адаттагыдай эле иш-план, өзүн-өзү тааныштыруу, үч суроо биринчиси сабактардан алынган суроо, логикалык суроо, аткарган иши тууралуу суроолор жана ошондой эле мен президент болсом, талантым бар сыяктуу тапшырмалар берилди. Программа үч саатка созулуп жыйынтыгында Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин окуучусу, премьер министри, Акишбек кызы Назима биринчи орунду багындырды.“Таймашка 2 айдан бери даярдандым. Тайэжем Байгазиева Чынара ушул ийгилигиме салымы чоң десем жаңылышпайм, учурдан пайдаланып терең ыраазычылыгымды билдирем. Дегеле мектептин мугалим жамаатына ырахмат. Таймаш калыс өтүп, ийгилик мага жылмайды. Азыр толкунданып, кубанычым коюнума батпай турам ”,- дейт.
Бул сынакка окуучуларды даярдоо мектеп мугалимдеринин да милдети болуп калды. Окуучусу жеңип чыкса жетекчисинин алкоосуна арзыйт. Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Абдылдабекова Гулмира буларга токтолду:
”Жыл башында “Ак тилек” уюмунун министрлери дайындалып, өздөрүнүн пландарын бекитип, ошонун негизинде иш алып барып жатышат. Кандай гана күндө болбосун мага жардам беришип иш- чараларга активдүү катышып жатышат. Иш-чаралардагы болгон протоколдорду, сүрөттөрдү папкаларына дайыма салып турушат. Бул кароо сынак адилетүү болду деп ойлойм. Баарыбыз угуп отурдук, андан сырткары балдардын кругозору, окууга болгон кызыгуусу үчүн аябай чоң күч жана алдыга умтулуу деп эсептейм”,-деди.
Таалайбек кызы Жеңишкүл Сатынбай Карабеков атындагы мектептин 10-классынын окуучусу. Ал бул сынакта 2-орунду багындырган. “Негизи “Парламент сүйлөйт” сынагына сентябрь айынан баштап эле дайындык башталган. Сентябрь айында бардык министрлер шайланып, иш алып барышууда. Даярданганга жалпы мугалимдер жардам беришти. Албетте, сынакта жеңүүчү да, жеңилүү дагы болот. Ошондуктан, жеңүүчү Назима болду, ал эми мен 2-орунду багындырдым. Бирок бул дагы жаман эмес көрсөткүч, бирок калган максатыма жете албаганыма өкүнүп калдым. Ыраазычылыгымды калыстарга билдирем, акыйкат чечим болду”,-дейт.
Ошол эле таймаштын 3-орунун алган Иманжан Бегимкулов атындагы премьер министри 11-классынын окуучусу Талиева Аиза өзүнүн оюн айтты:
“Парламент сүйлөйт”сынагына 1 жумадай дайындандым. Мектеп директору, президент жана тарбия завучу жардам берди. Бүгүнкү сынак эң жакшы болду деп эсептейм, жоктон көрө дегендей жеңишке жетип калдык. Калыстар тобуна да ырахмат”- деп кыска жообун узатты.
Алдыда “Парламент сүйлөйт” радиовикторинасы ушул жылдын апрель айына чейин уланып, май айында окуучулар демөөрчүнүн белегине ээ болушат.
Даярдаган: Умсунай Ачыкова.