№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине Кара-Суу айылынын тургундары Адылбек Темирбек уулу жана Нурсултан Куттубековдун демөөрчүлүгү менен аскерге чейинки даярдык сабагына атайын баннерлерди жана колдонулуучу куралдарды белек …
Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунда 22-23- декабрда тогуз окуу предметтери боюнча олимпиада болуп өттү. Бул олимпиадага №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен жалпы 22 окуучу катышып, ийгиликтерге жетишип келишти.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында 12-январдан бери кар жаап, айылды жана жолдорду калың кар басып калды.Кардын калың жаашы айылдын-борбор менен карым катнашын бир топ кыйындатты. Жеңил машиналардын көпчүлүгү жолдон жүрө албай …
Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 14-январда жаңы курулган жабык футболдук аренанын ачылуу аземи болуп өттү.
Төрт мезгилдин ичинен кыш мезгили кандай кооз мезгил, балдар чурулдап, кар менен ойношуп, эс алуучулар тоого барып лыжа тээп, муз аянтчаларда коньки менен чуркашат. Кара-Суу айылынын окуучулары кышкы эс алууну …
Суусамыр өрөөнүндөгү Кайсар айылынын мектеп окуучулары 5 км алыстыкта турган Тунук айылына жөө келип билим алышат.
2017-жылда Кара-Суу айылынын жаштары чоң көйгөй болгон айылдын маданият үйүнүн имаратын оңдоп- түздөп, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен бирге бул имаратты жаштар машыга турган жайга айлантууну чечишти.
“Ак кептердин” мурунку чыгарылыштарында айылдын тургуну Мария Исаеванын жашоо-турмушу, үй- жайы тууралуу маалымат чыгарылган. Анда Мария апанын үйү кулап кала тургандыгы тууралуу айтылып, ким бул апага жардам берет деп, суроо …
Азыркы учурда Талас шаарында моралдык жана материалдык жактан, ден -соолугуна байланыштуу жардамга муктаж балдардын саны жок эмес. Мындай балдарга жардам берген «Нур бала» коомдук фонду 9 жылдан бери иштеп келет.
Талас облустук соту Талас шаарындагы «Мээрим – Себат» кыздар лицейинин окуучуларына «Ачык эшиктер күнүн» уюштурду. Бул иш чара жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын урматтоого үйрөтүү, сот системасына …
Талас шаарына караштуу Көк- Токой айылынын тургуну Гульнура Жолдошбекова англис тилине кызыгат. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы эл аралык окуу жайында окуйт. Буга чейин чет өлкөдө билим алып келүүгө да жетишкен.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын Кара-Суу орто мектебинин ашканасына ремонт иштери жүргүзүлүп, жаңы ашкана эмеректери сатылып келди.
Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жабык футболдук арена курулуп жатат. Мындай спорттук жай шаардын аймагында биринчи жолу ишке киргизилгени турат.
Кара Талаа айылынын 17 жаштагы тургуну Айгерим Адикова эң мыкты даамдарды жасайт. Анын колунан жасалган даамдарды жакындары тамшанып жешет. Тамакты мыкты жасаган Айгерим келечекте стилист кызматын аркалагысы келет. Тамак жасап …
Сары-Булуң айыл аймагындагы Булуң айылында суу түтүктөрү менен таза суу чыгарылды. Буга чейин айыл тургундары ичүүчү таза сууну өзөндөн ташып келишкен. Бул демилгени айыл тургуну өз колуна алып, ишке ашырды.
Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 23 жаштагы тургуну Бакытбек кызы Айзада кол өнөрчүлүк менен алектенип, кошумча киреше табат.
Тоң районунун Шор-Булак айылынын 46 жаштагы тургуну Салкын Исмаилова кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган буюмдарын Японияга чейин экспорттойт.
Кара-Талаа айылынын Болот Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 11-классы айыл тургундарын келе жаткан жаны жылы менен куттуктап, 29-декабрь күнү жаңы жылдык кече өткөрүп беришти. Акыркы коштошуу кечеси болгондуктан …
Адамдын көркү чүпүрөк дегендей эле үйдүн көркү анын жасалгасында. Мисалга алсак, ар бир эле үй кожойкеси өзүнүн сулуулугуна эле көңүл бурбастан, үйүнө дагы көбүрөөк басым жасайт. Бирок бир гана үйдү …
Нарын райондук предметтер аралык олимпиада 2017-жылдын 25- декабрында Жергетал айылынын Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Жалпысынан 32 мектеп катышышты. Алардын ичинен татыктуулары орундарга ээ болушту.