2019-жылдын 8—июнь күнү Баткен облусундагы Гапыр Мадамииновдун №3-эксперименталдык гимназиясында болгон мугалимдердин облустук семинары Кыргыз билим берүү Академиясынын Президенти- Алмазбек Токтомаметовдун видео-куттуктоосу менен башталды.
Сүлүктү шаарында Султанов көчөсүнүн жамааты автоунаа жолдорун өз күчү менен оңдоп алышты. Бул көчөдөгү үйлөр 1970-1973 жылдары курулган. Ошол мезгилде Ош курулуш техникумунун студенттери практика учурунда жардамга келгендиктен көчөнүн аты …
Баткен облусунун жаштарынын арасында уюштурулган дебат клубга Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын гимназисттери да активдүү катышып жатат.
Орозо Айтын 5-июнга белгилөө боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын буйругу жер жерлердеги мечиттерге жайылтыла баштады. Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов
Окуудагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн «Алтын Тамгага» талапкер Сүлүктүлүк беш окуучунун ичинен Эркинова Айзада бардык талаптар боюнча татыктуу болуп, мамлекеттик тестти ийгиликтүү тапшыруу менен жетишти.
Сүлүктү шаары боюнча терең билим берүү очогу болгон гимназиянын лабораторияларын заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жакындан жардам бермей болду.
2019- окуу жылында 11-классты бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн катарында жалпы Сүлүктү шаарынын окуучулары да жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп жатат.
Сүлүктү шаардык тарых музейинде жаңы бөлүмдөр түзүлгөндүгү жөнүндө алгач Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын 6-классынын окуучулары корүп келишти.
Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт. Андарак айылы Баткен облусунун Лейлек районуна карайт. Бул жерде илгертеден бери биздин чоң аталарыбыз жашаган, биз дагы жашайбыз. Чек араларды бөлүү учурунда Андарак Кыргызстандын …
Шаардын мэри Р. Абдыназаров жана шаардык Кенештин төрагасы К. Исмаилов, «Кызыл-Булак шахтасынын директору И. Карабаевдер баш болгон жетекчилер биргеликте Сүлүктү боюнча Улуу ата-мекендик согуштун катышуучусунун үйүнө барып куттуктады. » 9- майга карата …
Лейлек районунун борбору Исфана шаарынын борбордук стадионунда кулатуу боюнча Эл аралык WFF PROFFIGHT турнири өттү. Турнирге Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандык спортчулар катышты.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндө кыргыз, тажик элдеринин ынтымагын бекемдөө максатында «Ынтымак- ийгиликтин ачкычы» аттуу маданий иш чара өтттү. Бул иш чара облустук деңгээлде өттү.
Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясынын Акыл эмгеги маданияты сабагы боюнча мугалими Бакытбек Сапаркулов Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 2019-жылдын 26-27- апрель күндөрү болуп өткөн Х Эл аралык илимий-практикалык симпозиумда илимий доклад жасады.
Сүлүктү шаарындагы Кушматов атындагы 9-гимназияда Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн, 11-класстын окуучусу, тарых сабагынын жеңүүчүсү Айзада Эркинова жана 10-класстын окуучусу математика сабагынан жеңүүчү Кызжибек Саматованы салтанаттуу түрдө тосуп алышты.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында айлана- чөйрөнү көрктөндүрүүнүн алкагында Лейлек райондук администрация тарабынан бекитилге иш- чаранын негизинде ар жуманын ишемби күнү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен иш алып барат.
Лейлек районунун Сумбула айыл Өкмөтүнүн Мөл булак финансылык микро компаниясы тарабынан уюштурулган 2007-2008-жылкы жаш өспүрүмдөр арасындагы Республикалык футболдук турнир өтүүдө. Искра айылында түзүлгөн Сумбула Юнайтед футболдук командасы бүгүнкү күндө ийгиликтерге …
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында «Нооруз» майрамын белгилеген аземдин салтанаттуу бөлүгүндө, чыгаан педагог Карабаева Гульнара «Мээримдүүлүк» медалы менен сыйланды. Сыйлыкты Сүлүктү шаарынын мэри Абдыназаров тапшырды.
Бүгүн Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы гимназияда предметтик олимпиаданын облустук турунун жеңүүчүлөрү сыйланды. Ушул эле иш- чара учурунда башталгыч класстардын ортосунда өткөрүлгөн Аракет олимпиадасынын жеңүүчүлөрү да сыйланды.
Сумбула айыл аймагында 8-март аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Майрамдык иш- чараны Сумбула айыл өкмөтү, айылдык кеңеш биргеликте өткөрдү.
Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде «Жылдын мыкты мугалими» аттуу зоналдык конкурс өткөрүлүп, жыйынтыгында Манас атындагы орто мектебинин мугалими жеңүүчү болду.