Баткен облусунун жаштарынын арасында уюштурулган дебат клубга Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын гимназисттери да активдүү катышып жатат.
«Гимназиянын 7-10 класстарынан 15 окуучу тандалып алынды. Учур талабына ылайык Инсанга багытталган сабак, заманбап тарбиялоо процесстеринде окуучуларда- ар тараптуу өнүгүү жана өз ишмердүүлүгүн уюштура билүүнү калыптандыруу үчүн Эл аралык уюмдардын тажрыйбасын кеңири колдонобуз. Алардын бири ушул Тынчтык демилгелери фонду тарабынан уюшулган Дебат клуб» дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов. «Дебат клуб Кадамжай-Кызыл-Кыя үчүн, Баткен району жана шаары үчүн ошондой эле Лейлек-Сүлүктү үчүн болуп, облус боюнча үч жерде уюштурулган. Эң мыктылары тандалып отуруп, акырында облусттук турларда жарышат»- дейт долбоордун уюштуруучуларынын өкүлү Акылбек Абдурахманов.
Даярдаган: Акмарал Нурбай кызы