Жамааттык мультимедиа борборлорунун (ЖМБ) кабарчыларына багытталган Клооптун сегизинчи журналистика мектеби. Мектеп 2016-жылдын 6-июнь — 16-июль аралыгында Бишкек шаарында болот. Мектепке катышуу мүмкүнчүлүгүнө төмөнкү ЖМБнын кабарчылары сынак аркылуу ээ болгон: 1. Алмаз Эшбаев, «Учкун» ЖМБ 2. …
Чүй облусу 1939-жылы 21-ноябрда СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгы менен Фрунзе облусу болуп, кийин 1959-жылы жоюулуп, 1990-жылы азыркы аты менен белгилүү.
Кызыл-Туу айылынын С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде этноботаникалык бакчанын расмий ачылышы болуп өттү. Ага айыл тургундары, белгилүү инсандар, окуучулар катышты. Бакчада дары чөптөрдүн түрлөрү тигилген.
Кызыл-Туу айылынын тургуну Абай Өмүркулов кулпунай, малина, арпа өстүрүү менен алектенет. Кулпунайды негизинен күнүмдук турмушта базарга алып чыгып сатат.
Кызыл-Туу айылынын С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде жайгашкан этноботаникалык бакчада тосмолор орнотулат. Тосмону «Жаш натуралист» ийриминин мүчөлөрү өз колдору менен табигый материалдардан жасап жатышат.
Кызыл-Туу айыл өкмөтү айылдагы 4 мектептин мугалимдер арасында «Жылдын мыкты мугалими» кароо сынагы өттү. Ага С.Абдылдаева атындагы орто мектебинен башталгыч класстын мугалими Алымбүбү Исмаилова катышты.
Кызыл-Туу айылындагы С.Абдылдаев атындагы орто мектебинин «Жаш натуралист» ийриминин карамагындагы этботаникалык бакчада өсүмдүктөр гүлдөөдө.
Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде жааматтык мультимедиалык борбору ачылды. Борборго жергиликтүү калк Көнөк баатырдын ысымын ыйгарышты.
Кызыл-Туу айылында С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде «Жер планетасын сактайлы» аттуу акциясы өттү. Акцияга мектеп мугалимдери, «Жаш натуралистер» ийрими, ата-энелер, шериктеш уюмдар, окуучулар катышты.
Сокулук районундагы Кара-Сакал айылынын тургуну Маршалбек Ташматов дары чөптөр менен оорулууларды айыктырат. Ал табыптык менен 25 жылдан ашык убакыттан бери алектенип келет.
Сокулук районунундагы Токбай айылынын Исмаил көчөсүндө 120 адам бата турган жаӊы мечит салынып жатат. Тургундардын айтымында, мечитке кеткен каражатты арабдар каржылаган.
Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Бүбүкан Айбашова үч жылдан ымыркайларды эмдейт. Айылдын жаш энелери Бүбүкан апанын үйүн жакшы билишет, ага коңшу айылдардан келип кайрылгандар да бар.