Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ооган-Талаа

Базар-Коргондо «Жылдын мыкты тарбиячысы -2022» сынагы өттү

Сынакка даярданууда, балдарга болгон сүйүүм, заманбап методикам, көп тилдүүлүк программасын ишке ашырганым, заманбап санариптүү иштей алганым жана кесиптештеримдин, жакындарымдын колдоосу болду.

14 Апрель 2022 жыл 13:54

Сүрөтбаян: Базар-Коргондо Нооруз майрамында элдин маанайы ачык

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда Нооруз майрамына келген элдин маанайы жакшы болуп, жаңы ачылган паркта эс алышты. Райондун борборундагы аянтка эл көп топтолуп, майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.

22 Март 2022 жыл 12:56

Моголдо каттоочулар окуудан өтүштү

Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагындагы элди жана турак жайды каттоо боюнча окуулар өткөрүлдү.

17 Март 2022 жыл 11:22

Сүрөтбаян: Райондогу мыкты окуучулар сыйланды

200дөн ашуун окуучу жана мугалимдер Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн, айыл аймактагы башчылардын «Ардак грамотасы», Ыраазычылык каттары», диплом жана медалдар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

17 Март 2022 жыл 11:03

Жаңгак туннелине жаңы көчөттөр отургузулууда

“Жаңгак туннели” аталган 1-май айылындагы жаңгак катарга жаңы көчөттөр тигилүүдө, ар бир жаңгактын жашы 50-80 жылга чукулдап калгандыктан сынып, куурап калган. Аларды жаңылоо максатында иш- чара уюштурулууда.  

11 Март 2022 жыл 8:49

Пандемия жайыт комитетине таасирин тийгизген жок

Пандемияда эч кандай ишибиз токтогон жок. Жайлоого мал жайган малчыларга пандемия таасир этпеди. Анткени мал-жандыкты караш керек. Жайыт акысын да өз убагында төлөр жатышты .

10 Март 2022 жыл 12:39

Ооган-Талаа: Мыйзамсыз курулган үйлөр талкууланды

Могол айыл өкмөтүндөгү басымдуу бөлүгүнүн көйгөйү-бул жерлердин жана үйлөрдүн кызыл китеби жоктугу экени элдик жыйында айтылды.

28 Февраль 2022 жыл 16:39

Билим берүү кызматкерлери жат жазуу жазышты

Базар-Коргон районунун билим берүү кызматкерлери жат жазуу жазышты. 21-февраль “Эл аралык эне тил күнүнө” карата, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын …

23 Февраль 2022 жыл 15:38

Сүрөтбаян: Бала бакчага пандемияга карабай ашкана курулду

Пандемия күчөп жаткан 2020-жылы №6 Адиба Ильясова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине ашкана курула баштаган. Жумуштун баары токтобой, заманбап ашкананын курулушу аяктап балдарга тамак ошол жерде жасалып жатат.

21 Февраль 2022 жыл 13:09

Ишкер: Форель балыгы менен туристтерди Кызыл-Үңкүргө тарттым

Жаратылышы кооз жерде форель балык чарбачылыгы менен алектенген жеке ишкер Эрмек Бакиров менен пандемияга чейинки жана пандемиядан кийинки туристтердин келүүсү жана форель балык чарбасы жөнүндө баарлаштык.

17 Февраль 2022 жыл 19:39

Студенттер ийкемдүүлүккө үйрөнүштү

«Пандемия башталганга чейин аралыктан билим алуу деген түшүнүк болгон эмес. Качан гана оору келип мамлекет бардык ишканаларды, билим берүү уюмдарын, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин карантинге жапканда аралыктан иштөө, аралыктан …

17 Февраль 2022 жыл 16:45

«Омикрон штаммы чыкканда мектеп дагы жабылабы деп корктум»

«Мен 9-класстын окуучусумун. 2019-2020-жылдардагы короновирус илдетинен дүйнө жүзү боюнча карантин болуп, мектептер онлайнга өткөн. Бирок мага онлайн окутуу жаккан жок», -деп билдирди №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучусу Нуржигит …

16 Февраль 2022 жыл 18:09

Радио күнү: Токойду сактоонун маанилүүлүгү

13-февраль Бүткүл дүйнөлүк радио күнү. Бул салттуу майрам 2011-жылдан бери белгиленип келе жатат жана 1946-жылы «Бириккен улуттар уюмунун радиосунун» эфирге чыгышына арналган. Радио токойлордун сакталышы тууралуу маалыматтарды дагы таратып келет.

14 Февраль 2022 жыл 16:29

Арстанбап: Япониядан буйрутма алган ишкер

Арстанбап айылында жаңгактын майын муздак ыкма менен сыгып алуу менен алектенген ишкер Эркин Кадиров жашайт. 2018-жылдан бери жаңгактын майын даярдап активдүү иштеп келет.

3 Февраль 2022 жыл 17:45

Дарыгер: Балдар арасында пневмония менен кайрылгандар көп

Могол айыл аймагындагы үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Саткын Токтомуратова азыркы учурда пневмония менен кайрылгандардын саны көп болуп жатканын айтып, мындан 3-4 жыл мурун мындай оору менен кайрылгандар 100 оорулуудан …

26 Январь 2022 жыл 16:04

Омикрон чыккандан бери эл өзү келип вакцина алып жатышат

Омикрон штаммы жөнүндө маалыматты бар жергиликтүү жарандар, өздөрү келип, вакцинация алып жатышат.

26 Январь 2022 жыл 15:59

Кызыл-Үңкүрдөгү кызыл алма…

Менин балалыгымдын эскерүүлөрүнүн бири – апамдын шам чырак алдында түн ортосу ойго батып отурганы. Мен “Апа, сизге эмне болду, ооруп атасызбы?” деп сурасам, “Бейтапка укол жасап келдим эле, азыр ал …

26 Январь 2022 жыл 11:44

Сүрөтбаян: Арстанбапта лыжа мелдеши өттү

Катышуучулар арасында жаш курагына карап 7,8 ,9 жаштагы кыздардын лыжа мелдешине катышуусу көпчүлүктү сүйүнттү. 

25 Январь 2022 жыл 12:23

Аудио: Талды-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата пландары

Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жумушчу ордун түзүү планына кирсе, билим берүү мекемелеринин абалы башкы орунда турат.

19 Январь 2022 жыл 19:52

Мезгилдик сасык тумоого чалдыгуу көп болууда

Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүнө караштуу Ооган-Талаа айылында мезгилдик сасык тумоого чалдыккандар ооруканага кайрылбайт. 

16 Январь 2022 жыл 19:12

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...