Куланак айылында жаз айлары келип, сугат иштери өз күчүнө кирди. Жана ошондой эле жаңы каналды куруу иштери келерки жылы башталат.
Нарын районунун Жергетал айылындагы Асанбек Табалдиев мектебинин мугалимдери окуучулардын Манаска болгон кызыгуусун арттырып, үйрөтүп жаткан мезгили. Бул үчүн Манас таануу таймаштарын өткөрүп келишет.
Нарын районунун Жергетал айылынын окуучулары билимин сынашты. Билим дүйнѳ жарыгы! Дал ушундай ураан менен Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин жаштар уюму 7-8 класстар арасында акыл ордо уюштурду.
Нарын областынын ыйгарым укукту өкүлү Аманбай Кайыпов Учкун айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.Алардын жүрүшүндө элеттиктер турмуш тиричилигиндеги жана айыл чарбачылыктагы айрым маселелерди которуп чыгышты. Аларды оңой эле чече салуу оңой эместигин …
Баетов айылында жазгы талаа иштери башталып, бүгүнкү күнгө чейин 20 гектарга жакын жер айдалып бүттү. Айдап себүүгө даярдык учурунда бардык техникалар кароодон өткөрүлгөн.
Баетов айылынын жаш балбан кызы Билимбек кызы Калмира Түркиянын Анталия шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы эл-аралык мелдеште эркин күрөш боюнча 3 орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Бул боюнча Билимбек кызы Калмира …
«Билим берүү тармагында өсүш бар»,- дейт Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев. Быйылкы окуу жылында райондун аймагындагы окуучулардын билим сапатын көтөрүүдө, кылмыштуулукту алдын- алууда иштер жүргүзүлдү.
Нарын районунун Жергетал айылынан Апрель революциясына эки баатыр катышкан. Баатырларды эскерүү максатында Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин 10-а классынын окуучулары эскерүү кечесин 11-апрель күнү ѳткѳрүштү.
Баетов айылынын 90 жылдыгына карата борбордук аянтчага саат коюлуп, бирок ал ошол эле күнү иштен чыгып калган. Жашоочулар саат төрт тарабы төрт башканы көрсөтүп, коюлган күндөн баштап бир да жолу …
Ак-Талаа районунун Баетов айылында 7-апрелде курман болгон баатырларды эскерүү иш чарасы болуп өттү. Аталган иш- чара Карасартов Адилет Сүйүндүк уулунун эстелигинин жанында болуп өтүп, революцияда шейит кеткендерге куран окулуп, эстеликке …
Бүгүн, 6-апрелде А.Аралбаев орто мектебинде спорттун 6 алты түрү боюнча өрөөндүк деңгээлдеги спартакиада болуп өттү. Аталган мелдешке 5 мектептен 100 дөн ашык окуучулар келип катышышты.
Ак-Талаа районунун аймактарынын ынтымагын бекемдөө, сергек жашоого, дене-тарбия жана спорту өнүктүрүү максатында «Ак-Талаа Биримдигинин» «Жаштар канаты» тарабынан Бишкек шаарында студент кыздар арасында спорттун волейбол түрү боюнча турнир ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында жалысынан жети дүкөн иштейт. Анын экөөсүндө ичимдик сатылбай калган. Жылдын башында айылдагы жаштар, депутаттар, айыл аксакалдары демилге кылып башташкан.
Нарындын Учкун айылынын жашоочулары чорголордон чыккан суунун курамы таза эмес деп ойлошот. Анткени айылда бөйрөк жана өтү ооруган адамдар көбөйгөнүн айтышат. Суунун сапатына кооптонгон эл аны лабораторияга текшерткен — жыйынтыгы …
Быйылкы Ноорузду Куланак айылындагы Аралбаев атындагы орто мектеби сүмөлөк кайнатуу менен тосушту. Даяр болгон сүмөлүктү ачканда башталгыч класстын мугалими Токтоева көпчүлүк байкабаган нерселерди кийин сүрөттөрдү көрүп байкаган.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында машыгуучу зал жок болгондугуна байланыштуу, кышында машыгуу токтоп калат. Ошого карабастан спортчулар көптөгөн ийгиликтерди багындырышууда.
Куланак айылында жайгашкан үй – бүлөлүк дарыгерлер тобу өзүнөн алыска 60 километр жайгашкан аймактан бери тээлейт. 2018- жылдагы абалы менен жакындан тааныштырабыз.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы бириктирилген ооруканасы 67 жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. Өкүнүчтүүсү ушунча жылдан бери капиталдык ремонттон өткөн эмес.
Нарын районунун Учкун айылынын 24 жаштагы тургуну ар турдүү металлдар, таштар менен кооздук буюмдарын жасайт. Бул кесип менен сегиз жылдан бери алектенет. Сөйкө, шакектердин ою чиймелерин өзү ойлоп табат.
24-март кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Баетов айылынын Бейшеналиев атындагы 10-класстын окуучулары жөө жүрүшкө чыгышты. Аталган жүрүштүн негизги максаты элдерге бул илдет боюнча маалымат берүү, кантип сактануу керектиги тууралуу …