Кочкор районунун Чолпон айылында волейбол оюну болуп өттү. Бул оюн 1979-жылы туулган жеке ишкер, айылдын көрүнүктүү адамдарынын бири Алтынбек Чыналиевдин жаркын элесине арналып, анын классташтары тарабынан уюштурулду.
26-апрель күнү Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебине «Мектептер 2030» долбоорунун алкагында Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматчысынын жетекчиси Гүлмира Үмөталиева, MSDSP Ага-Хан фондунун …
Нарын шаарында М.Сыдыков орто мектебинде, келечек ээлери болгон жаш муундарды, мекенчилдикке тарбиялоо максатында өткөрүлгөн «Жоокер ыры» аскердик- атуулдук ырларды аткаруу боюнча облустук туру өттү.
«Жашыл Мурас» долбоорунун алкагында Кочкор токой чарбасы тарабынан 2024- жылдын апрель айында жалпы 4000 даана өрүк жана 1000 даана тал көчөттөрү отургузулду.
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Ак-Бел муниципалдык ишканасы тарабынан ички чарбалык каналдарды тазалоо, жазгы айдап-себүү, жайыттарга барчу жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо сыяктуу жана башка чарбалык жумуштар жүргүзүлүүдө.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде 2024-жылдын 12-апрелинде Дөбөлү айыл аймагына караштуу Кайыңды айылындагы М. Кенжакунов, Эки-Нарын айылындагы М. Мамбетов, Таш-Башат айылындагы Д. Мамбетов жана Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы …
Ак-Талаа районунда «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук ырларын мыкты аткаруу боюнча кароо-сынак болуп өттү. Райондук билим берүү борборунун директору Айнура Баязованын маалыматына караганда сынак жобого ылайык 3 номинацияда: 1. Согуш жылдарындагы ырларды …
Сот адилеттигинин Ак-Талаа районунда ишке ашырылышы, сот-укуктук реформасы, жарандардын кайрылуулары тууралуу Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы Райымкулов Эрмек менен маекти сунуштайбыз. — Ак-Талаа райондук сотуна жергиликтүү тургундар кандай маселелер менен көбүнчө …
Ак-Талаа районунда жаш ойлоп табуучулар арасында «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык сынагынын райондук түрү өткөрүлүп, анда алдыңкы орундардын жеңип алган окуучулар, облустук турга жолдомо алышты.
Дөбөлү айыл өкмөтүндө 2- апрель — Эл аралык балдар китептеринин күнүнө карата театралдаштырылган иш чара өткөрүлдү.
Нарын районуна караштуу Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин 11- классынын окуучусу Эдилбек кызы Акылай «Кыргызстандын эң мыкты окуучусу» наамына ээ болду.
Ак-Талаа районунда жылдагыдай айлана-чөйрөнү тазалоо, таштандыдан арылтуу боюнча үч айлык жарыяланды. Анын алкагында аймакка караштуу бардык айылдарда айыл тургундары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери ар жуманын ишемби күнү ишембиликке чыгышат.
Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин үч окуучусу Өзбекстанга менталдык арифметика боюнча олимпиадага барып келишти. 4-5-класстын окуучулары 3-орунга ээ болушту.
Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл аймагында 30-март күнү ишембилик өткөрүлүп, айыл аймагындагы көчөлөр, мекемелердин короолору, талаа бойлору таштандылардан тазаланды.
Нарын облусунунун Кочкор районуна караштуу Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Окуу керемет» долбоорунун негизинде семинар болуп өттү. Ага Кочкор районунун ар бир мектебинен жалпы 43 мугалим жана Кочкор райондук …
Ак-Талаа районунда 21-март Нооруз майрамына карата жеке ишкер Жылдыз Коконбаева жана райондук мамлекеттик админстрациясынын уюштуруусунда “Арыба кыргызымдын нарктуулугу” аттуу салтанатта «Мыкты сүмөлөк» жана «Мыкты бозо» сынагы өткөрүлдү. Ага атайын комиссия …
20-мартта Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Нооруз майрамына карата, Тянь-Шань паркындагы М.Баетов атындагы маданият үйүндө «Жадырап кел, Нооруз» аталышындагы майрамдык иш чара болуп өттү.
19-март күнү Кочкор айылында «Аймактардын өнүгүүсүнө туризм жол ачат» деген темада тегерек стол болуп өттү. Жыйында бул тармактагы маанилүү жана көйгөйлүү маселелер талкууланды. Жыйынтыгында жергиликтүү көйгөйлөрдү райондук администрация, айыл өкмөт …
Кыргыздын улуттук майрамы болгон Нооруз өзгөчө шаң менен өтөт. Күн менен түн теңелген жаз майрамын кыргызда жаңы жыл катары белгилеп келишет. Ак-Талаа районунун Жеңиш сейил багында көктөм майрамына карата салтанаттын биринчи …
Нооруз майрамын Кочкор районунун тургундары жана меймандары өзгөчө шаң менен белгилешти. Мамлекеттик ишканалардын, бала-бакча, мектептердин кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш көргөзмөсү майрамдык концерттик программа менен коштолду.