Өлкө аймагында 20-марттан 10-апрелге чейин айыл чарбасынын абалы жөнүндө толук жана так маалымат алууга багытталган белгиленген тартипте айыл чарба каттоосу жүргүзүлүүдө. Маалыматка ылайык, каттоо тармактын учурдагы абалын объективдүү баалоого жана …
Ак-Талаа районунда жазгы айдап-себүү иштерине карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн болжолдуу түзүмү бекитилди. Район боюнча өткөн жылы 5115 гектар аянтка дан өсүмдүктөрү, ал эми 10317 гектар жерге көп жылдык өсүмдүктөр айдалган. …
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин жыйындар залында Агартуу министрлигинин алдындагы «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемесинин табигый илимдер боюнча координаторлору тренинг өтүп беришти.
Бүгүн Ак-Талаа районунда «Дүйнөлүк бийиктик, улуттук дем, уңгу жол» саамалыктын жана «Кылмышсыз келечек» аталышта окуучулардын «Мектеп лигасы — 2026» спорттук мелдеши старт алды.
Айылдык маданият очогунда улуттук баалуулуктар менен заман көйгөйлөрү айкалышкан мазмундуу иш-чара өтүп, көрүүчүлөргө терең ой салган сахналык чыгармалар тартууланды.
2025-жылдын жай айлары Нарын облусунун Чолпон айылынын тургундары үчүн өзгөчө биримдиктин жана ынтымактын мезгили болду. Жергиликтүү элдин демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен айылдагы мүрзөнү тосуу иштери жыйынтыкталды. Бул саамалык айыл …
26-мартта Чолпон айылында жергиликтүү айымдардын кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өтүп, анда салттуу өнөрдү туристтик багытка айландыруу демилгеси көтөрүлдү. Райондук жана облустук жетекчилер катышкан иш-чарада айылдык ишкер айымдардын бизнес долбоорлорун колдоо маселеси …
Сары-Булак аймагындагы электр тармагы жаңы заманбап устундары жана кабелдери менен бекемделүү иштери башталды. Бул өзгөрүүлөр айыл тургундарына туруктуу электр энергиясын, аз авариялык өчүрүүлөрдү жана коопсуз инфратүзүмдү камсыздоого багытталган.
2026-жылдын 25-мартында Кочкор районундагы мектеп окуучуларынын арасында «Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!» аттуу аймактар аралык балдардын ырчылар, элдик жекече бий аткаруу, улуттук аспапта ойноо боюнча сынагы өттү.
Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылынын жаш балбаны Баэл Рысбеков Бишкек шаарындагы Кожомкул Каба уулу спорт сарайында СССРдин спорт чебери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу Раджап Жанаевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш …
Кочкор районунун Шамшы айылында декадалык жөнгө салуу бассейни (БДР) курулуп жатат. Учурда курулуш иштери 80 пайызга аткарылып, объектте иштер кызуу жүрүүдө.Бул ирригациялык объект пайдаланууга берилгенден кийин Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу …
Ак-Талаа районунда кургак учук илдети менен жабыркагандардын саны 2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу азайганы байкалууда. Ак-Талаа райондук О.Көккөзов атындагы ЖДПБнын дарыгери Жаркын Бообекованын маалыматына ылайык, кургак учук аба аркылуу жугат. Оору жөтөлгөндө, …
Ак-Талаа районунда 20-марттан бери айыл чарбасын каттоо өнөкүтүгү жүрүүдө. Ага жалпы район боюнча 1 өкүл, 1 башкы адис жана 2 координатор дайындалган. Ошондой эле, Ала-Буга айыл аймагы боюнча 2 инструктор, …
Математика сабагы боюнча өткөн облустук сынакта Ак-Талаа районундагы С.Атамбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Сейил Кайымбекова 1-орунду, ал эми Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу …
Кочкор районунун Чолпон айылында 22-мартта Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип, айыл тургундарынын кеңири катышуусунда шаңдуу иш-чара уюштурулду. Улуттук каада-салттарды даңазалаган бул майрам элдин ынтымагын бекемдеп, жаздын келишин, жаңыланууну жана жакшылыкка болгон …
Соң-Көлдө жаратылышты коргоо жана балык ресурстарын көбөйтүү багытында кезектеги маанилүү кадам жасалды. Бул ирет көлдүн экосистемасын чыңдоо максатында ири көлөмдө балык чабактары коё берилип, адистер тарабынан комплекстүү иштер жүргүзүлдү.
Бүгүн Нарын шаарындагы Нооруз майрамынын алкагында уюштурулган сынактарда Ак-Талаа району бир катар байгелүү орундарды камсыздашты.Тактап айтканда, Боз үй боюнча — 2-орун, байгеси 90 миң сом (Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө …
Ак-Талаа районунда «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн иш чаранын алкагында «Мыкты боз үй» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.Сынактын жүрүшүндө калыстардын чечими менен жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
Төлөк айылында Нооруз майрамы мазмундуу иш-чаралар менен коштолуп, окуучулар арасында спорттук мелдештер уюштурулду. Ошондой эле айыл тургундары көчөлөр боюнча биригип, салт-санааны даңазалаган “Унутулгус мурас” сынагында улуттук даамдар менен кийимдерди тартуулашты.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы мыкты сүмөлөк жана «Улуттук даам» сынактарынын жеңүүчүлөрү аныкталып, акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды.