5-март күнү Чолпон айыл аймагында Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун алкагында коомдук талкуу болуп өттү. Иш-чарада онлайн платформа аркылуу аныкталган айылдардын негизги көйгөйлөрү тааныштырылып, инвестициялык пландар жана коомдук мониторинг тобун …
Майрамдык иш-чарага мамлекеттик мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышты. Катышуучулар ак калпак кийип, Кочкор райондук мамлекеттик администрациядан борбордук көчө аркылуу жөө жүрүш жасап, улуттук салт-санааны даңазалашты.
Ак-Талаа районундагы Э Карасартов атындагы жалпы билим берүү мектебинде билим берүүгө арналган кеңешме өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, айыл өкмөт башчыларынын орун басарлары, мектеп, бала бакча жетекчилери …
Бүгүн Ак-Талаа районунда Мамлекеттик Туу жана Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүш өтүп, ага район жетекчилиги баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде мугалимдер үчүн кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү үчүн ар кандай тренингдер өтүлүүдө.
Кочкор районунун дыйкандары үчүн 2026-жылдын жазгы талаа иштерине карата мамлекеттик колдоо уланууда. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, дыйкан-фермерлер сертификацияланган үрөндөрдү 30 пайыздык дотация менен жеңилдетилген баада сатып ала алышат. …
Кечээ КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор У.Шамырканов иш сапары менен Ак-Талаа районунда болуп, Нарын дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелери менен таанышып кайтты.
Нарын облусунун Кочкор районундагы Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин «Асел» бий тобу Токмок шаарында өткөн 3-Кыргызстан элдеринин «Элдердин достугу-Кыргызстандын биримдиги» аттуу фестивалына барып алдынкы орундарга ээ болушту.
2026-жылдын 27-28-февраль күндөрү Нарын шаарында өткөн, мектеп окуучулары предметтик олимпиадасынын облустук баскычына Кочкор районунан 20 окуучу катышып, 3 окуучу биринчи, 4 окуучу экинчи, 4 окуучу үчүнчү орунга ээ болуп, жалпы …
Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылындагы Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары стол тенниси боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында (U-11, U-16 курактык топтору) ийгиликтүү катышып кайтышты.
Февраль айында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жарыяланган “Жооптуу бол!” бир айлыгынын алкагында 18 жаштан жогорку эркектер жугуштуу эмес ооруларды аныктоо максатында акысыз медициналык текшерүүдөн өтүштү. Чолпон айыл аймагында …
Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде окуучулар арасында «Megamozg Cup» интеллектуалдык акыл таймашы өтүп, ага райондогу 9-11-класстын окуучуларынан турган 6 команда катышты.
Ак-Талаа районунда “Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан аз камсыз, шарты оор, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой энелерге 1тоннадан көмүр таратылды.
Ак-Талаа районунда ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү максатында атайын семинар уюштурулуп, ага райондук жана облустук өнүктүрүү фонддорунун жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондо айыл чарба, мал чарба тармагында иш жүргүзгөн ишкерлер …
Ак-Талаа районундагы Э.Карсартов атындагы жалпы билим берүү мектебинде Тажик-Афган ардагерлерин урматтоого арналган иш чара өтүп, ага жергиликтүү жетекчилер, согуштун ардагерлери катышты.
Акыркы жылдары Нарын облусунда карышкырлардын көбөйүшү малчыларды кооптондуруп, мал чарбасына коркунуч жаратууда. Айрыкча тоолуу аймактарда жырткычтар айылга жакын келип, малга кол салган учурлар көбөйгөн. Мындай учурда тажрыйбалуу аңчылар малчыларга жардам …
Мите курттар (гельминттер) — адамдын же жаныбарлардын организминде жашап, азыктанып, ар кандай ооруларды пайда кылган паразиттер. Алар көбүнчө ичегиде, айрым учурларда боордо, өпкөдө жана башка органдарда кездешет.
2025-2026-окуу жылында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын райондук этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде болуп өттү.
Соң-Көл жалпы билим берүү мектебине келген жаш практиканттар сабактарда жана иш-чараларда өздөрүн мыкты көрсөтүп, мектепке жаңы дем жана энергия беришти. Бул тажрыйба аларга кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана келечектеги ишмердүүлүгүнө чоң …
Нарын облусунун Чолпон айыл аймагында тургундарды кургак учукка каршы алдын ала текшерүү иштери жүрүүдө. Быйылкы профилактикалык иш-чаранын башкы өзгөчөлүгү — оорунун белгилерин аныктоодо жасалма интеллект технологиясы колдонулууда.