Жай мезгилинде айылдагы бакчаларда өстүрүлгөн жашылча-жемиштер бышып жетилип, дасторконго жаңы үзүлгөн бойдон келет. Багбандардын талыкпас эмгеги менен өстүрүлгөн мындай азыктар даамдуу гана болбостон, адамдын ден соолугу үчүн да өзгөчө пайдалуу.
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда калктын социалдык жактан аяр катмарына ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө багытталган реабилитациялык кризистик борбор ачылып, турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга психологиялык, социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү …
Быйылкы июнь айында жаан-чачындын көп болушу суу тартыштыгын унуттуруп, дыйкандардын мол түшүмгө болгон үмүтүн арттырды. Учурда биринчи чөп чабык жыйынтыкталып, эл кыш камын көрүүдө. Бирок, дал ушул чөп жыйноо маалындагы …
Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы Муса Баетов атындагы бала бакча Ак-Талаа райондук өнүктүрүү фонду аркылуу 600 миң сомдук жаңы эмеректер менен камсыздалды. Долбоордун алкагында бала бакчага телевизор, муздаткыч, балдардын сабак окуусу …
Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып үч жашка чейинки бардык балдар үчүн ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизилди. Жөлөкпулдун өлчөмү айына 1200 сомду түзүп, ал үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, бала …
Кочкор районунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы Ж.Абдыкалыков атындагы маданият үйүндө салтанаттуу түрдө белгиленди
Нарын облусунун Кочкор районунда селден кийин анын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Райондун селден жабыркаган аймактарында тиешелүү мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл өкмөттөрү …
Кочкор районуна караштуу Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу иштери жүрүп жатат.
Кечээ К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Ак-Талаа районунун Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин алдындагы «Күн нуру» бий тобу Чолпон-Ата шаарында өткөн «Маданият — эл дүйнөсү-2026» эл аралык сынагында 3-орунду ээлеп, Түркияга жолдомо алды.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Нарын облусунан мөңгүлөрдөн башат алган ыйык булак суусун узатуу салтанаты уюштурулду. Салтка ылайык, иш-чара аксакалдардын батасы менен башталып, булак суусу көөкөргө куюлду. Андан соң «Биримдик …
2026-жылдын 1–3-июль күндөрү Кочкор районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен бир катар өзгөчө кырдаалдар катталып, 3-июлда аймакта өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
2Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы жарыяланып, Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүндө эң жогорку көрсөткүчтү Алыш жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Кожобаев Акылбек Кенжебекович көрсөттү. Ал 206 балл топтоп, мектептин, ата-энесинин …
Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында белгилүү дарыгер, саламаттык сактоо тармагына өмүрүн арнаган Мурзабек Көкөтаевди эскерүү кечеси өткөрүлдү. Иш-чара Мурзабек Көкөтаев атындагы №2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда уюштурулуп, ага өлкөнүн жети облусунан келген …
Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төлөк айылында айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоону жакшыртууга багытталган ири долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды. Анын алкагында Бучук БСРине суу жеткирүүчү инфраструктура курулуп, ондогон жергиликтүү …
Жайлоо — кыргыз элинин байыркы маданияты, каада-салты жана жашоо образы сакталган куттуу конуш. Бул жолу жайлоонун бейпил турмушун көрсөтүп жана улуттук сыймыгыбыз болгон кымыздын өңү эмне үчүн ар кандай боло …
2026-жылдын 18–21-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Акун Ысык-Көл» пансионатында кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, коомдук ишмер жана мамлекеттик ишмер Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган VI республикалык «Жылдыздуу жээк» поэзия фестивалы жана дүйнө …
2026-жылдын 25–30-июнь күндөрү Ысык-Көлдө өткөн «Дүйнө элдеринин достугу – 2026» аттуу эл аралык кароо-сынагында Нарын районунун Кайыңды айылындагы Марат Кенжакунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 5-классынын окуучусу Эркинбек кызы Айнура …
Кочкор районунда өткөн салтанаттуу иш-чарада билимге умтулган жаштардын ийгилиги өзгөчө белгиленип, мыкты жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде Жалпы республикалык тестирлөөдө 200 упайдан жогорку упай алган окуучуларды сыйлоо салтанаты өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ата-энелер, мектеп жетекчилери, мугалимдер жана окуучулар катышты.