26-июнь-баңгизатты кыянаттык менен пайдаланууга жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү катары Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1987-жылдын 7-декабрында кабыл алынып, 1988-жылдан бери жыл сайын белгиленип келет. Мына ушул датага …
Бүгүн 2026-жылдын 25-июнунда Кочкор райондук администрациясынын жыйын залында » Жылдын мыкты мугалими-2026″ республикалык кесиптик конкурсун райондук жана областтык туруна катышып, байгелүү орундарды камсыз кылган мугалимдерди сыйлоо аземи болуп өттү.
Күнүмдүк жашоодо дүкөндөрдөн сырткары, чач тарач, унаа оңдоочу жай же тигүү цехи сыяктуу тейлөө кызматтарынын орду чоң. Аларсыз айылдын күнүмдүк турмушун элестетүү кыйын. Айылыбызда элге кызмат кылган кандай жайлар бар …
Сары-Булак айылында жаңы кичи футболдук аянтча ачылып, анын урматына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Иш-чара спортту өнүктүрүүгө жана кызматкерлердин биримдигин чыңдоого багытталды.
2026-жылдын 19-июнунда Кочкор айылында сууга түшүү коопсуздугун камсыз кылуу жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Рейд Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын, билим берүү бөлүмүнүн, райондук ички иштер …
Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Айдай Абылаева Жалпы республикалык тестирлөөдөн 239 балл алып, республика боюнча эң жогорку көрсөткүчкө жетишти.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда кыш мезгилине мал тоютун камдоо максатында чөп чабуу иштери башталды.Быйылкы жаз айларынын жаан-чачындуу болушу аймакта чөптүн калың жана бийик өсүшүнө өбөлгө түзгөн. …
Адамдын ден соолугу көбүнчө күнүмдүк колдонулган азык-түлүктүн сапатына көз каранды. Ошол себептүү азык-түлүктү өндүрүүдөн тартып керектөөчүгө жеткенге чейинки бардык процесстерде санитардык эрежелерди сактоо аркылуу тамак-аш коопсуздугун камсыздоого болот. Бул багытта …
Ак-Талаа районунда суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан дыйкандардын эгин аянттарын сугат суу менен камсыздоо иштерине мониторинг жүрүүдө.
Ала-Буга айыл аймагынын калкына коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу максатында жаңы атайын техника – 2026-жылы чыгарылган «Шумкар» үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа алынып берилди.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейинде курсанттар үчүн “Тамеки чегүү ден соолукка зыян” деген темада атайын иш-чара өткөрүлдү.
8-июнда Ак-Талаа РИИБнүн кызматкерлери жана Соң-Көл балык чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу жана алдын алуу багытында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
8-9-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында армрестлинг боюнча Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионаты өттү. Эл аралык мелдешке Азиянын 17 мамлекетинен 250дөн ашуун спортчу катышты. Мелдеште Ак-Талаа районунун …
Ак-Талаа районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Баетов-Макмал унаа жолунун 14-15-чакырымында сел жүрүп, унаа каттамы убактылуу токтотулган.
Ак-Талаа районундагы 8 бала бакчанын аталышы өзгөрүлүп, аларга белгилүү тарых инсандарынын ысымы ыйгарылды.
Акыркы күндөрү Ак-Талаа районунда тынымсыз жааган жаан-чачынга байланыштуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу, акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров жана Баетов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жайлоолорду кыдырып, малчылардын абалы менен …
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин физика мугалими Майрам Аалыбаева «Жылдын мыкты мугалими – 2026» республикалык кароо-сынагынын облустук этабында ийгиликтүү катышып, республикалык турга жолдомо алды.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баялы Досалиев Тендик, Исакеев жана Семиз-Бел айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жергиликтүү тургундар тарабынан Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулуш иштерин жүрүшүндө айрым көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.
Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Нарын районундагы жумушчу сапарынын алкагында Дөбөлү айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жергиликтүү көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Дөбөлү айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу жана малчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жайыт жолдорун оңдоо жана түздөө иштери жүргүзүлдү.