Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Ветеринарлардын кесиптик майрамы белгиленди

Ак-Талаа районунда ветеринар кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип,  аларды район акими Мирлан Камчыбеков, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Соодонбеков, райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Талант Токтогожоев, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Гүлзина Нураева …

30 Апрель 2026 жыл 9:15

Чолпон айылында сугат суунун тартыштыгы дыйкандарды түйшөлтүүдө

Жазгы талаа иштери кызуу башталганы менен, сугат суунун жоктугу дыйкандарды түйшүккө салууда. Жер айдап бүткөндөр көп болсо да, суу жетпеген жерлерде себүү иштери токтоп турат.

30 Апрель 2026 жыл 9:11

Акталаада 75га аянтка 60миң көчөт тигилди

Ак-Талаа районунда «Жашыл мурас» улуттук өнөктүктүн алкагында карагат, кара өрүк, терек жана башка бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп, ага жергиликтүү эл, жаштар көмөк көрсөтүүдө.

30 Апрель 2026 жыл 9:04

Кара-Тоо айылында “Алиппе” майрамы өттү

Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Алиппе” майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул майрам окуучулардын билим жолундагы алгачкы ийгиликтерин даңазалаган өзгөчө күн болуп, жогорку деңгээлде уюштурулду.

29 Апрель 2026 жыл 18:38

Акталаанын Кара-Бүргөн айылындагы көрүстөндүн айланасы толугу менен тосулду

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында жергиликтүү тургундар тарабынан мүрзөнүн 800м узундукту тузгөн айланасы толугу менен  тосулду.Айылдын башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, бул иштин негизги максаты мүрзөгө мал кирип, тартип бузулушунун алдын алуу.

29 Апрель 2026 жыл 17:42

Акталаада заманбап спорт комплекс жана парк курулууда

КРнын Президенти С.Жапаровдун колдоосу менен Баетов айылындагы Адилет сейил багында башталган жаңы заманбап улуттук парктын жана спорт комплекстин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул ири долбоордун жалпы аянты 9 гектарды түзүп, толук …

29 Апрель 2026 жыл 17:23

Кочкор: Атайын техникалар келди

Кочкор районунун айылдарынын ички жолдорун оңдоого, ирригация маселесин чечүүгө, элет элинин негизги көйгөйлөрүн  жоюга шарт түзүлдү. Ал үчүн Кочкор районуна заманбап грейдер, погрузчик, цемент куйгуч жана чоң жүк ташуучу HOWO …

29 Апрель 2026 жыл 14:22

Балыкчы-Кочкор темир жолуна жумушчуларды кабыл алуу башталды

Кара-Кече көмүр кенин байланыштырган жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн темир жолдун курулушу уланууда. Долбоордун алкагында Балыкчы–Кочкор темир жолу 2022-жылдын 31-мартында башталган. Узундугу 63 чакырымды түзгөн бул тилкени үстүбүздөгү жылдын 31-августунда …

28 Апрель 2026 жыл 23:14

Ормон Хан айыл өкмөтүндө социалдык азык-түлүк дүкөнү ачылды

Кочкор районуна караштуу  Ормон Хан айыл өкмөтү тарабынан социалдык дүкөн ачылды. Социалдык дүкөндү ачуунун негизги максаты калкты арзан эт жана башка азык-түлүктөр менен камсыз кылуу.

28 Апрель 2026 жыл 23:13

Дарыгерден кеңеш: Гепатит С оорусунан кантип сактануу керек?

Гепатит С бул боорду жабыркатуучу кооптуу вирустук оору. Ал көп учурда белгилери билинбей өтүп, акырында өнөкөт түргө өтүп кетиши мүмкүн. Ушул себептен эл арасында “жумшак өлтүргүч” деп да аталат. Кочкор …

28 Апрель 2026 жыл 23:12

Чернобыль кырсыгынын 40 жылдыгы: ардагерлер эскерилди

Чернобыль кырсыгына быйыл 40 жыл толду. Ушул датага карата эскерүү иш чарасы уюштурулуп, кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан ардагерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.

27 Апрель 2026 жыл 18:02

«Биринчи жолу 7 жашымда сайма сайгам» — кол өнөрчү Астра Макеева

Макеева Астра Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айлында туулган. Алгач Нарындагы педагогикалык окуу жайды, кийин Нарын Мамлекеттик Униеврситетин сырттан окуп бүтүргөн. Кесиби бонча башталгыч класстын мугалими. 50 жаштагы каарманыбыз учурда Байгөнчөк айылындагы …

27 Апрель 2026 жыл 17:55

Акталаада чаң баскан жолдорго суу чачуучу техникалар берилди

Ак-Талаа районуна ички көчөлөргө жана чоң жолдорго суу чачып туруу үчүн 2 даана суу чачкан атайын унаалар берилди.Маалыматка ылайык, техникалар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен алынган. Анын бири Баетов …

27 Апрель 2026 жыл 16:46

Кочкордо социалдык дүкөн ачылды

Кочкор районунда жаңы социалдык дүкөн иштеп баштады. Дүкөн Ормон Хан айыл өкмөтүнүн имаратынын жанында жайгашып, аны «Адал Азык» ЖЧКсынын «Тойбосс» ишканасы ачты.

27 Апрель 2026 жыл 11:30

Төлөктө 35 жаштан жогору жигиттер арасында волейбол турнири өттү

Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында 35 жаштан жогору жигиттер арасында волейбол боюнча турнир уюштурулуп, спорттук иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Бул мелдеш аймактагы тургундардын сергек жашоо образын жайылтуу, ынтымакты бекемдөө жана …

26 Апрель 2026 жыл 13:17

Кочкордо Кыз-Жигит сармерден оюну өттү

Бүгүн Кочкор районунун Жыргалбек Абдыкалыков атындагы Маданият үйүндө Кочкор районунун жигиттери жана Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын кыздары » Кыз-жигит сармерден» оюнун уюштуруп, Кочкор районунун жергиликтүү тургундарына ыр майрам кечесин тартуулашты.

25 Апрель 2026 жыл 9:01

Кочкордо Өзбекстандан келген цирк балдарга кубаныч тартуулады

Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы жалпы билим берүү мектебине коңшу өлкө Өзбекстандан келген цирк конок болуп келди. Учурда бул чыгармачыл топ Кыргызстандын бир катар аймактарын кыдырып, айыл тургундарына …

24 Апрель 2026 жыл 13:53

Эмне үчүн быйыл төл аз? Ящур илдетинин жаш малга тийгизген кооптуу кесепеттери

Быйыл көптөгөн аймактарда малчылар «төл кирбей калды», «музоо менен козу кырылып жатат» деп коңгуроо кагууда. Адистер бул жоготуулардын негизги себеби катары ящур (оозу-туяк) илдетин көрсөтүшүүдө. Бул оору чоң малда салыштырмалуу …

24 Апрель 2026 жыл 11:55

Төлөк айылында футбол аянтчасы оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан ачылды

Төлөк айылында фудбол аянтчасы акыркы жылдары жараксыз абалда болуп, ал жакта фудбол ойноо дээрлик бир жылга токтогон. Эми минтип  фудбол аянтчасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп расмий түрдө кайрадан ачылып, ага айыл тургуну …

24 Апрель 2026 жыл 9:08

23-апрель Бүткүл Дүйнөлүк теннис күнү: «Спорттук мелдештерде теннис тизмеде жок болот…»

42 жаштагы Индира Абылгазиева учурда Байымбет атындагы орто мектебинде информатика сабагынын мугалими болуп эмгектенет. Бүткүл Дүйнөлүк теннис күнүнө карата спорттун ушул түрү тууралуу сүйлөштүк. Ал теннисти сүйүп ойногондордун бири.

23 Апрель 2026 жыл 17:24

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...