Нарын облусунун Кочкор районундагы «Соң -Көл» жалпы орто билим берүү мектебинде 15-Февраль «English week» жумалыгына карата 5-7-класстар арасында таймаш болуп өттү. Ага ар бир класстан топ түзүлүп, 4 турдан турган …
Нарын облусунун, Кочкор районуна караштуу, Чолпон айылында жолбун иттерди (кароосуз калган) жок кылуу иштери жүрдү. Жалпы 147 ит 4 мышык атылды. Мал доктурдун айтымында иттер түрдүү ооруларды жайылтуучулар болот. Негизи …
Нарын облусунун Кочкор районунда 15-февраль- Советтик аскерлер Ооган жергесинен чыгып кеткен күнүнүн 35 жылдыгы белгиленди. Анда 1979-1989-жылдардагы кандуу согушта шейит кеткен жоокерлерди эскерүү болду.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында грек-рим күрөшү боюнча атайын машыктыруучу зал 2023-жылдын сентябрь айында ачылган. Кружоктун жетекчиси Назарбек Мусалиев 13 жылдан бери грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу болуп иштеп келет.
9-февраль тиш доктурлардын эл аралык күнү, айрым жерлерде тиш ооруларынын күнү катары дагы белгиленет. Акырындап кеңири жайылып келе жаткан кесиптик майрамдардын бири. Тиш адам баласынын көркү. Аны сактоо, убагы менен …
“Соң-Көл„ мультимедиа борборуна жаңы ыктыярчылар кабыл алынып, аларга медиа тренинг өткөрүлдү.
Кочкор районуна караштуу Төлөк айылына чоң жолдун боюна айлана-чөйрөгө туура кам көрүү багытындагы баннерлер орнотулду. Баннерлерди орнотуу иши жергиликтүү айыл өкмөтү тарабынан каржыланды.
Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында 60ка чукул үй-бүлө социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлө деп каттоодо турушат. Аларга айрым убактарда мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп турат. Кышка карата таратылган көмүр ошол …
Төлөк айылынын жаштары атайын чогулуш өткөрүп, «Төлөк биримдиги» аталышындагы коомдук фонд түзүштү. Фондго айылдын жаштары өз ыктыяры менен мүчө болушту. Уюмдун негизги максаты элге материалдык жардам көрсөтүү. Айылдагы малы бар …
Куланак айылында жайгашкан «Куланак» жамааттык медиа борборунун ыктыярчылары үн жаздыруу ыкмаларын үйрөнүштү. Аталган жамааттык медианын ыктыярчы окуучулары сабактан тышкары бош убактыларын жамааттык медианын өнүгүшүнө салым кошуп келишет.
Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Узун-Булак айылынын тургундары ичүүчү таза сууга муктаж. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү калк бийликтен жардам сурашат.
Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурайым Кадырова келечекте чоң сахнанын багындырган бийчи болууну кыялданат. Максатына жетүү үчүн ал жумасына 2 жолу Нарын шаарына барып, бий боюнча …
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагындагы Ак-Тал айылында хоккей оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Нарын кышы» фестивалынын алкагында уюштурулуп, жалпы 8 команда …
Алтынай Нурдинова учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация бөлүмүндө 4-курста билим алат. Ал өлкө башчы Садыр Жапаровдун Президенттик стипендиясына татыктуу болгон. Каарманыбыз окуудагы ийгиликтери тууралуу ой-бөлүштү.
Ак-Талаа районунун Кадыралы айылында айыл өкмөттүн мурдагы имараты бала бакчанын кошумча корпусу катары пайдаланууга берилди. Бүгүн анын ачылыш аземине айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, кызыл тасмасы кесилди.
Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде башталгыч класстарда «Окурман үй-бүлө» конкурсу өтүлүп жатат. Конкурска ар бир класстан ата-энелер балдары менен бир китепти тандап алышып, ошол китеп боюнча конкурска …
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10б классынын окуучусу Акылай Болотбекова райондук олимпиада да 1-орунга ээ болуп, l даражадагы диплом менен сыйланды.
Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп- гимназиясында кичи футбол талаасы ачылды. Иш-чара Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен жана расмий коноктордун катышуусунда салтанаттуу өттү.
18-январь күнү Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде республикалык олимпиаданын II баскычы башталды. Ага райондун аймагындагы орто мектептерден 415 окуучу катышууда.
Усупбекстан жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Гүлнара Кенжеш кызы медианын кабарчыларына ишкер айым Динара Салиева боюнча презентация жазады.