Ак-Талаа районунун Кадыралы айылында айыл өкмөттүн мурдагы имараты бала бакчанын кошумча корпусу катары пайдаланууга берилди. Бүгүн анын ачылыш аземине айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, кызыл тасмасы кесилди.
Бала бакчанын кызыл тасмасы кесилди
Тоголок Молдо айыл аймагынын өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин маалыматына караганда аталган имарат айыл тургундарынын суроо-талабы менен бала бакчага берилди. Ал эми ал жердеги аппарат кызматкерлери башка имаратка көчүрүлдү.
Ачылыш аземге айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөррү катышты
Кичинекей бөбөктөр өнөрлөрүн тартуулашты
Барчын Мамытбекова