Кочкор районунун Чолпон айылынын «Чолпон» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Гулира Сатарова 9-10-11-классынын окуучуларына презентация жасады. Анда «Соң-Көл» медиа тарабынан даярдалган «Новосибирск шаарында ар улутту бириктирип, медициналык борбор ачкан Клара Курбанова» …
Новосибирск шаарында «АнДар» аталышындагы медициналык борбор мындан 8 жыл мурун ачылган. Аталган борбордо ар улуттун өкүлдөрү иштеп, медицина жактан тынымсыз кызмат кылышат. Аны Ош облусунан барган Клара Курбанова жетектейт. «Соң-Көл» жамааттык …
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылынын борбордук көчөсү толугу менен жарыктандырылды.
Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде «Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз» интеллектуалдык сынагы болуп өттү. Сынак Билим берүү жана Илим министрлиги тарабынан өлкөнүн баардык аймактарында уюштурулган.
Ак-Талаа районунун бардык айыл өкмөттөрүндө USAIDдин «Ийгиликтүү аймак-2» долбоорунун колдоосу менен зордук зомбулукка каршы иш чаралар өткөрүлдү.
12-декабрь Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата адабий кече болуп өттү. кечеге5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты. Иш чараны кыргыз тили жана …
Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы ооруканада оңдоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди.
Кочкор районундагы Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде зордук-зомбулукка каршы “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш өткөрүлүп, балдар арасында волейбол оюну ойнотулду.
Динара Салиева Орусия мамлекетинин Новосибирск шаарында жашап келет. Ал жолдошу менен биргеликте “ДИВА” жоопкерчилиги чектелген коомун (ЖЧК) түзүп иш алып барышат. Динара айым Ош Технологиялык университетинин Эл аралык мамилелер факультетин …
Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курулуп, ачылыш салтанаты болду. Ачылышка район жетекчилиги жана айыл тургундары катышты.
Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 12-декабрь күнү Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш чара уюштурулду.
Клара Курбанова Новосибирск шаарына «АнДар» аталышындагы медициналык борборду мындан 8 жыл мурун ачкан. Ал жерде ар улуттун өкүлдөрү иштеп, медицина жактан тынымсыз кызмат кылышат.
«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбекова 9-класстын окуучуларына ишкер айым Наргиза Ибраимова боюнча презентация тартуулады.
Кочкор районундагы “Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору 9-10-11-классынын окуучуларына эки макала боюнча презентация өттү. Ал макалалар “Германия билимдүүлөрдү баалайт” жана “Нөлдөн башталган бизнес” деп аталып, “Соң-Көл” жамааттык мультимедиа тарабынан даярдалган. Анда …
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын айрым көчөлөрүн суу каптады. Кээ бир көчөлөрдүн арыктары даяр болбогондуктан, суу үйлөрдү каптап көйгөй жаратты.
Кочкор айылында 6-декабрь күнү «Чолпон» кинотеатрынын чоң залында Кочкор районунун жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын катышуусунда «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз» аттуу райондук иш чара- өттү.
Кочкор музыкалык драма театрынын артисттери Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Бетме-Бет» спектаклин Кочкор районунун тургундарына тартуулашты.
Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы Бусурман уулу Шаабай атындагы бала бакчанын тарбиячысы Айнура Нурдинова көп жылдык иш тажрыйбасында наристелерге кыргыздын улуттук оюндарын үйрөтүүдө.
«Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борбору ишкер айымдар тууралуу макалаларды даярдап келет. Алардын бири Германиядагы IT тармагында иш алып барган Нурзадаа Макеева тууралуу материал даярдалган. Ал материалдын негизинде 9-10-11-класстарга презентация өткөрдү.
Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгына карата волейбол боюнча мекеме-ишканалар арасында ири мелдеш өткөрүлүп, ага жалпы 17 команда катышты.