Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы Бусурман уулу Шаабай атындагы бала бакчанын тарбиячысы Айнура Нурдинова көп жылдык иш тажрыйбасында наристелерге кыргыздын улуттук оюндарын үйрөтүүдө.
Айнура Нурдинова Ак-Жар айылындагы «Бусурман уулу Шаабай» атындагы бала бакчанын тарбиячысы
Айнура Нурдинова наристелерди тарбиялоодо өзүнүн ыкмасы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.
«2011-жылдан бери бала бакчада иштеп келем. Кыргыздын оюндарын жана кол өнөрчүлүк менен жасалган оюнчуктарын ойнотом, себеби, балдардын аң сезимин өстүрүүдө мекенчилдикке тарбиялап жатам деп эсептейм. Бала бакчада логопед жоктугуна байланыштуу сүйлөө речи кеч чыккан балдарга Ф. Фребельдин ыкмасы менен балдарды сүйлөтүүгө аракет кылам».
Наристелерге чүкө менен упай оюнун үйрөтүп жатат.
Кыргыздын улуттук оюндары болгон чүкө, топ ташты, аркан тартыш оюндарын балдар үйрөнүп кызыгушууда. Дагы бир өзгөчө ыкмасы наристелерге кийизден токулган оюнчуктарды көбүрөөк карматып таныштырууда.
Кийиз менен жазалган оюнчуктар
Айнура Нурдиновага бул аракетине ата-энелер ыраазы. Иштеген иши бааланып көптөгөн мактоо баракчалардын ээси.
Бегайым Баястанова, Сезим Акылбекова
Барскоон айылындагы кийизден жасалган буюмдар тууралуу макаланы ушул жерден окусаңыз болот.