«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбекова 9-класстын окуучуларына ишкер айым Наргиза Ибраимова боюнча презентация тартуулады.
Презентациянын негизги максаты чет өлкөдө эмгектенип жүргөн ишкер айымдар тууралуу маалымдоо жана эл арасында калыптанып калган айрым көз караштарга каршы туруу.
9-класстын окуучусу Таазим Шайымкулова билим алуу эрте же кеч болбойт экенин түшүнүү менен мекенге кызмат кылуу маанилүү экенин айтат:
9-класстын окуучусу Жоодар Талантбеков чет өлкөдө ийгилик жарата алган айымдар бар экенин түшүнө алдым дейт:
Мамлекет өнүгүү үчүн ар бир инсандын салымы зор. Келечек муун талыкпай билим алып, кайсы жерде болбосун максатына карай умтулуп, өз кесибин сүйгөн ардактуу инсан болуп чыгышына чын жүрөктөн тилектешпиз.
Сезимай Эркегулова