Элеттик айымдардын күнүнө карата Тогуз-Торо райондук маданият үйүндө айыл өкмөттөрдөн багбан, ишкер айымдар азык- түлүк продукцияларын, курут, май жана колдон жасалган буюмдардын көргөзмөлөрүн коюшту.
«Саймалуу-Таш» фольклордук ансамбли 2016-жылы түзүлүп, 2019-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияга 3 жылдык отчеттук концертин берди.
Шабдан айылынын мурунку чакырылыштагы Жергиликтуу Кенешинин депутаты Кармышева Айдайдын катышуусунда аялдардын шайлоого талапкер болушу боюнча маек болду.
Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында жайгашкан «Седеп» мектепке чейинки билим берүү уюмунда семинар өткөрүлдү. Семинардын негизги максаты баланын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирүү менен максатка жете билүү жана «Райондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү …
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында да күзгү мол түшүм жыйнала баштады. Айрыкча Куу-Майдан айылында алмалар жакшы түшүм берди.
Тренинг боюнча Казакстандан, Өзбекстандан келген журналисттердин айткандарын төмөндөгү аудиофайлдан угуңуздар: Жанар Максут Кызы, Казакстан Хуршид, Өзбекстан Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ
Кемин районунун Шабдан айылынын Жаштар уюмунун башчысы Султангазиев Эрлан жаштардын уюму тууралуу айтып берди. 10 жылга жакындап калган аралыкта айыл жаштарынын кызыгуусун арттырып, спорт боюнча оюндарды уюштуруп, андан тышкары койгойлуу …
Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңеште же болбосо мамлекеттик органдарда иштеген жаштар аздык кылат. Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты, жайыт комитетинин төрагасы Зоодан Асаналиев: “Мунун бирден бир себеби, жаштардын көбү шаар жеринде иш …
Кызыл- Булак мультимедиа борборунда айыл башчыларынын ишмердүүлүгү жөнүндө «Демократия сааты» уктуруусунда түз эфир болуп өттү. Конок катары Кулатов айыл өкмөтүнүн айыл башчылары өздөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип кетишти.
Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кулуштан айылында биринчи жолу «Нур-белек» балдар бакчасы ачылды. Бала бакча жалпы 75 балага ылайыкташтырылган.
Суусамыр FM радиосунда Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фонд тарабынан каржыланып жаткан “Демократия сааты” добоорунун алкагында “Аялдардын депутаттыктагы орду, алардын мындан аркы кадамдары” туурасында талкуу болду.
Накена Майрамбек кызы — Нарын шаарынын тургуну. Ал үй шартында чакан ишкерлик менен алектенген айымдардын бири. Тактап айтканда, адамдарга жагымдуу маанай тартуулган, майрам, туулган күндөрдө куттуктоо катары бериле турган – …
Күз төрт мезгилдин бирине кирет, жалбырактар ар кандай түскө боёлуп айланага ажыйып кооздукту тартуулайт. Күздүн кооздугун башталгыч класстын окуучулары сүрөттө, пейзажда, өз колдорунан жараткан күзгү жасалмаларында тартуулашты.
Даярдаган: Гулназ Камбарали кызы
Ак-Талаа районунун Баетов айылында күрөш боюнча ардагерлер арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алган Капарбек уулу Билимбекти тосуп алышты. Тосуп алуу салтанатына айыл тургундары, жаштар, кесиптештери жана жергиликтүү бийлик …
Даярдаган: Гүлбарчын Мамытбекова
Жаштар арасында спортко кызыккан балдарды көбөйтүү максатында спорттун футбол түрү боюнча 9 мектептин окуучулары катышкан чоң футбол болуп өттү. Демөөрчү катары Тилебалды Айбашевдин жаркын элесине арналган чоң футболго Айбашевдин уулу …
Кыргыз элинин көчмөн жашоосунда жылкысыз элестетүү кыйын. Жайлоого көчүүдө, мал кайтарганда ата-бабаларыбыз кыргыз жылкысын колдонуп келишкен.
Ноокат районунда Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата облустук семинар болуп өттү. Семинарга Ош облусу боюнча 7 райондон катышуучулар келип күбө болушту. Ноокат райондук билим берүү тарабынан райондун бардык мектептери тил …
Сүлүктүдөгү жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү мектебинен тандалып алынган мугалимдер дебат өнөрү боюнча көндүмдөрүн калыптандырууда.