Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0704419051

Жамааттык мультимедиа борборлору

Эки ирет Кыргызстандын мыкты окуучусу аталган Гүлсүнай

Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинин 11г-классынын окуучусу Гүлсүнай Токтобаева экинчи ирет «Кыргызстандын мыкты окуучусу-2022» сынагында жеңүүчү болду. Ал окуучуларды бир дагы мүмкүнчүлүктү кое бербеш керектигин өз маегинде билдирди.

14 Февраль 2022 жыл 16:56

Куланак: Ыктыярчылардын жаңы мууну иш баштады

Куланак жамааттык медиа борборунун катарын  жаңы ыктыярчылар толуктады. Алар А.Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары

14 Февраль 2022 жыл 16:46

Covid-19 вирусунун кош бойлууларга тийгизген таасири

Пандемия учурунда кош бойлуу болуу канчалык кооптуу? Андан тышкары кош бойлуу айымдар ден-соолугуна кандай көңүл буруусу керектиги тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери айтып берди.

14 Февраль 2022 жыл 16:43

Радио күнү: Токойду сактоонун маанилүүлүгү

13-февраль Бүткүл дүйнөлүк радио күнү. Бул салттуу майрам 2011-жылдан бери белгиленип келе жатат жана 1946-жылы «Бириккен улуттар уюмунун радиосунун» эфирге чыгышына арналган. Радио токойлордун сакталышы тууралуу маалыматтарды дагы таратып келет.

14 Февраль 2022 жыл 16:29

Суусамыр: 13-февраль Бүткүл дүйнөлүк радио күнү

Бүткүл дүйнөлүк радионун күнү 2012-жылдан бери эле белгиленип келе жаткан майрам. 2011-жылы ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясында бул күндү “Бүткүл дүйнөлүк радио күнү” деп, жыл сайын 13-февралда дүйнө жүзү боюнча белгиленип келе …

14 Февраль 2022 жыл 15:53

Акылай Ыдырысова Кыргызстандын 100 мыкты окуучусунун бири

“Дордой” ассоциациясынын директору Аскар Салымбековдун колдоосу менен “Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу” кароо сынагы жарыяланып, жыл мыктылары аныкталды.

14 Февраль 2022 жыл 15:30

Жоокер-интернационалисттердин урматына арналган турнир өткөрүлдү

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Баетов айылында мекемелер аралык волейбол оюну боюнча  турнир өткөрүлүп, ага 14 команда катышты.  Ал Советтик Армиянын Авган жергесинен чыгарылып кеткендигинин 33 жылдыгына арналды.

14 Февраль 2022 жыл 11:46

Жайыт комитети пандемияга карабай иштейт

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жайыт иштери пандемиялык кырдаалга карабастан иш мерчемдерге ылайык жүргүзүлүп жатат. Анткени жайыт  иштери көпчүлүктүн катышуусу менен жасалбайт.

14 Февраль 2022 жыл 11:21

Ача-Кайыңды айылында элдик жыйын болуп өттү

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 11-февраль күнү элдик жыйын болуп өттү. Анда жылдык отчёттор берилип, бир катар маселелер көтөрүлдү.

13 Февраль 2022 жыл 11:14

Жайлоо бала бакчасы эки жылдан бери иштебей калды

Эки жыл мурун пандемия башталгандан бери бардык өлкөлөрдө карантин киргизилип, анын ден-соолук үчүн гана эмес, экономикалык кесепетин азыркы күнгө чейин көрүп келе жатабыз. Анын таасири Ача-Кайыңды аймагынын жайыт комитетинин дагы …

13 Февраль 2022 жыл 11:12

«Окуу керемет» долбоору окуучуларга жаңы ыкма менен билим алууга өбөлгө түздү

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылынындагы Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектебинин мугалимдери USAIDдин «Окуу керемет» долбоорунун алкагында пилоттук программаны бүткөндүгүнө карата сертификаттарды, ыраазычылык каттарды жана сыйлыктарды алышты.

12 Февраль 2022 жыл 12:00

Кочкор. Педагогдордун 50 % эмдөөнүн 3-дозасын алышты

Ковид-19 вирусуна каршы эмдөөнүн 3- турунан биринчи кезекте дарыгерлер жана медайымдар өтүштү, ал эми экинчи кезекте эмдөөдөн билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер, тактап айтканда мугалимдер жана бала бакча тарбиячылары өтүп …

11 Февраль 2022 жыл 21:15

Окуучулар интеллектуалдык сынактардын онлайн өтүүсүнө каршы

Пандемия башталгандан тартып көпчүлүк кароо сынактар да аралыктан өтүп, окуучулар арасында нааразычылыктар көп. Себеби, окуучулар бетме-бет таймашып, өзүлөрүнүн жеке катышуусунда өткөн сынактар таза өтөт деп ишенишет.

11 Февраль 2022 жыл 16:02

Студенттер вакцинациянын үчүнчү дозасын алууда

Кызыл-Кыя индустриалдык педагогикалык колледжинин студенттери вакцинанын 3-түрүн алышты. Үй-бүлөлүк дарыгерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, 70-80% студенттер эмдөөдөн өтүштү. Азыркы учурда абал туруктуу.   Кызыл-Кыя индустриалдык педагогикалык колледжинин 3-курсунун студенти Сонунгүл Рахманова: …

11 Февраль 2022 жыл 15:56

Ишкер: Пандемияда туризмди өнүктүрүү үстүндө иштедим

61 жаштагы Кочкор айылынын тургуну Саадагүл Садыкова туризм тармагында 26 жылдан бери алектенип келген. Пандемия учурунда туризмдин жаңы булагын табуу, ички туризмди өнүктүрүү боюнча терең иштеп баштаган. Бош убакыт көп …

11 Февраль 2022 жыл 11:58

Тогуз-Торо районунда ковидке каршы эмдөөнүн 3-дозасы берилүүдө

Тогуз-Торо районунун акими Мирлан Карагулов баш болуп, акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева, аппарат башчысы Табылды Салиманов жана администрация кызматкерлери ковид илдетине каршы эмдөөнүн 3-дозасын алышты

10 Февраль 2022 жыл 19:04

Мугалим: «Көркөм өнөр» сабагы дүйнөлүк көркөм маданиятты үйрөнүүгө жол ачат

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылындагы Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектебинде «Көркөм өнөр» сабагы  боюнча ачык сабак өткөрүлдү.

10 Февраль 2022 жыл 19:02

Сүрөт: Соң-Көлдө «Окуу керемет» долбоору уланууда

«Соң-Көл» орто мектебинде «Окуу керемет» долбоору уланууда. 4-класстын класс жетекчиси Кыял Сулайманова бул долбоордун алкагында «Бирге окуйбуз» кароо-сынагын ата-энелер менен биргеликте таймаш-сабак өткөрдү.

10 Февраль 2022 жыл 18:54

Жаңы-Жер айылында кыз-келиндер арасында волейбол оюну уюштурулду

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Оюнга “Нарын”, “Лейлек” жана №43 кесиптик лицейдин мугалим устаттары, Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин мугалимдер …

10 Февраль 2022 жыл 12:52

Steam олимпиадасынын мыктылары

«BILIMTECH» окуу борбору тарабынан республикалык деңгээлде экологиялык багытта олимпиада башталган. Бул олимпиадага «Соң-Көл» орто мектебинин окуучулары да катышышкан. Олимпиада 4 багытта өкөрүлүп, окуучулар финалдык 3-турга даярданып жатышат.

10 Февраль 2022 жыл 10:51

Календарь

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...