Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин кореялык KOIKA уюму тарабынан айыл чарбанын келечеги үчүн күнөскана курулуп бүтүп, колдонууга берилди. 2024-жылдын 16-май күнү салтанаттуу ачылыш аземи болду. Иш-чарага келечектеги «Эл …
Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин окуучулары республикалык ZEEN EDUCATION окуу борбору тарабынан уюштурулган ZEEN -2 олимпиадасына катышып ийгиликтерди жаратышты.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында ички жолдор ондолууда. Айыл тургундарынын салымы менен ички жолдорго кум, шагыл төгүлүп, таштандыларды тазалап, бак-дарактар кыйылып, көчөлөр кеңейтилип, чакан көпүрөлөр салынып жатат.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагында «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу акыл таймашы өткөрүлдү. Таймашка жалпысынан Көк-Жар айыл аймагынан 9 мектеп, ал эми Бел айыл аймагынан 4 мектеп катышты.
13-май күнү Бишкек шаарында “Адилетүүлүккө миониторинг” долбоорунун алкагында “Өнөктөштүк жана жарандарды социалдык-экологиялык колдоо практикасы” боюнча тренинг өткөрүлүүдө. Аталган иш-чарага бейөкмөт уюмдары, жарандык коом, саясий кызыкдар тараптар, жергиликтүү бийлик органдары, жаштар …
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 1-4-класстын окуучулары үчүн атайын жаңы кичи спорт зал пайдаланууга берилди.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин жыйындар залына Нарын облусунун жана Ак-Талаа районунун Ардактуу атуулу Маметшерип Жаңылышовдун ысымы берилип, ачылыш салтанаты болду. Иш-чарага агайдын туугандары, үй-бүлөсү, замандаштары, кесиптештери, ардагерлер, …
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 9-май Жеңиш күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада мектептин окуучулары ыр-бийлерди тартуулап, согуш учурунан алынган сценкаларды айыл жашоочуларына көрсөтүп беришти. Иш-чаранын соңунда согушта каза болгондордун элесине …
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында Сары-Булак каналын тазалоо иштери жүрүп жатат. Сары-Булак каналын тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн “Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери, атайын бөлүнгөн техника менен иш алып барып жатышат.
Бишкек шаарында “Прогресс” коомдук бирикмелеринин филиалдары арасында “Progress cup” интеллекттуалдык оюну уюштурулду. Жеңген командаларга каралган байге фонду 100 000 (жүз миң) сомду түздү.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде STEM жана Келечек үчүн билим берүү багытында райондук деңгээлде семинар өткөрүлдү. Семинарга мектеп мугалимдери жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси …
6-май күнү Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Өзүңдү оку» аттуу китебинин негизинде сынак болуп өттү. Сынакка 8-класстан баштап 11-класстардын окуучулары катышышты.
Жыл сайын Ак-Талаа райондук билим берүү бөлумү тарабынан салтка айланган-агартуу айдыңындагы мыктыларды, алдынкы окуучу жана мугалимдерди, командаларды сыйлоо салтанаты уюуштурулат.
Ак-Талаа району боюнча билим берүүдөгү ийгиликтерге арналган салтанатта республикалык жана облустук олимпиадада райондун, облустун намысын коргогон окуучулар жана алардын мугалимдерине коомдук ишмер «Мирбек Раимов» атындагы стипендия-сертификат жана коомдук ишмер Жылдыз …
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынан чыккан балбан Сыймык Садырбек уулу АКШ өлкөсүнүн Пенсильвания штатынын грэпплинг боюнча ачык чемпионатында Сыймык Садырбек уулу 87 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, жыйынтыгында 1-орунду багындырып, аталган …
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу акыл таймашы өткөрүлдү. Таймашка жалпысынан райондогу 12 мектеп катышты. Акыл таймашка меценат, ишкер айым Мавлянова Махабат демөөрчүлүк …
6-майда Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаевдин жетекчилигинде жыйын өткөрүлдү.
2-майда Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл аймагындагы мектептер арасында микс-волейбол боюнча спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдеш «Ара-Көл» жалпы орто билим берүүчү мектебинде өтүп, оюнга 8 тайпа катышты.
2-май күнү Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Ак-Талаа районунда билим берүү тармагынын жыйынтыктоочу салтанатына катышып, окуучуларды билимдүү болууга чакырды.
2-май күнү Ак-Талаа районунда мугалимдер жана тарбиячылар арасында «Мыкты мугалим-2024» жана «Мыкты тарбиячы-2024» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.