Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Таласта «Манас» универмагы өрттөндү

Талас областындагы Манас көчөсүндө жайгашкан «Манас» универмагында 6-январь күнү таңкы саат 6:13тө өрт чыгып, саат 09:57 чамасында толук өчүрүлгөн.

6 Январь 2017 жыл 16:40

Сары-Дөбө орто мектебинде быйыл 10-класс жок

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө орто мектебинде быйыл 10-классы жок. Анткени окуучулардын көпчүлүгү 9-классты аяктагандан кийин мектептен чыгып, окуу жайларга тапшырып кетишкен.

5 Январь 2017 жыл 19:23

Сары-Дөбөдө алма сактоочу жай иштеп жатат

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында алма сактоочу жай иштеп жатат. Аны айыл тургуну Нургазы Исманов негиздеген.

5 Январь 2017 жыл 19:04

«Мыкты макала» жана «мыкты сүрөт» сынагы  

    «Клооп Медиа» коомдук фонду Кыргызстандагы жамааттык мультимедиа борборлорунун ыктыярчы-кабарчыларынын арасында «мыкты макала» жана «мыкты сүрөт» сынагын жарыялайт. Сынакта ар апта сайын «Мыкты макала» жана «Мыкты сүрөт» аныкталып турат. …

5 Январь 2017 жыл 17:41

Чоң-Арык: Окуучулар ЖРТга кандай даярданып жатышат?

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы №13 Коргол орто мектебинин 11-классынын окуучуларынын Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярданып жаткан мезгили. Мектептеги көпчүлүк мугалимдердин айтымында, быйлкы бүтүрүүчүлөр тестте жакшы көрсөткүчтөргө жетет.

5 Январь 2017 жыл 13:50

Чоң-Арык: «Тамашоу» шайыр тапкычтар клубунун мыктысы аныкталды

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Коргол орто мектебинде «Тамашоу» таймашы болуп өттү. Анда эки команда ат салышып, 1-орунду мектептин 8-классынан түзүлгөн «Универсал» командасы багындырды.

5 Январь 2017 жыл 13:39

Чоң-Арыкта «Манас таануу» интелектуалдык таймашы болуп өттү

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын №13-Коргол атындыгы орто мектебинде окуучулар арасында «Манас таануу» таймашы болуп өттү. Ага эки команда катышып, 8-б классынын окуучулары жеңүүчү болду.

5 Январь 2017 жыл 12:51

Чоң-Арыкта пенсия кандай таратылууда?

Токтогул районунун Чоң-Арык айылында жалпы 200дөн ашуун пенсионер бар. Пенсияларынын кандай таратылып жатканы боюнча алардан сурап билип көрдүк.

5 Январь 2017 жыл 12:41

Сурамжылоо: Жаңы шайланган айыл депутаттарынан эмнени күтөсүз?

Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын депутаттары 11-декабрь күнү шайланып, жаңы шайланган депутаттардын алдыдагы пландары менен таанышкан элек. Бул материалда айыл тургундары ошол депутаттарды эмнени үмүт кылып шайлаганын сурап көрдүк.

5 Январь 2017 жыл 12:14

Чоң-Арык айылында көмүрдүн баасы кандай болууда?

Кыш мезгили келип, элдин баары көмүр жагып жатат. Токтогул районунун Чоң-Арык айылында көмүрдүн баасы сатуучулар менен алуучуларды канааттандырып жатабы, жашоочулардан сурап көрдүк.

5 Январь 2017 жыл 11:40

Чоң-Арыкка маршрутка каттай баштады

Чоң-Арык айылынан Токтогулга жаңы №425-маршрутка каттай баштады. Эми айыл тургундары районго 50 сом менен барып калышты. Буга чейин айыл тургундары Токтогул шаарчасына 100 сом жол кире төлөп каттап келишкен. 

5 Январь 2017 жыл 11:25

Сары-Дөбөдө окуучулардын кышкы каникулу кандай өтүп жатат?

30-декабрдан 11-январга чейин кышкы каникул деп белгиленген. Бул арада Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын окуучулары кышкы каникулду кантип өткөрүүдө? Эмне менен алек болууда? деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

4 Январь 2017 жыл 18:27

Сүрөт баян: «Аяз ата келиниз, бизге белек бериңиз!»

Команда «Радиомост» провела предновогоднее шоу «Аяз Ата келиниз, бизге белек бериңиз».

4 Январь 2017 жыл 12:17

Токтояндагы ФАПтын курулушу жакын арада бүтөт

Түп районуна караштуу Токтоян айылыда жаңы фельдшердик-акушердик пункту (ФАП) октябрь айынан тарта салына баштаган. Учурда анын курулушу бүтөйүн деп калды.

4 Январь 2017 жыл 12:13

Токтояндын кооз жерлеринин бири — токой

Түп районуна караштуу Токтоян айылында көптөгөн кооз жерлер бар. Алардын катарына айылдагы токой дагы кирет.

4 Январь 2017 жыл 11:22

Баетовдо муз аянты ачылды (+сүрөт жана аудио)

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында муз аянты ачылды. Кышкы каникулда кайда барып эс алууну билбей турган окуучулар үчүн жакшы шарт түзүлгөндөй болду.

4 Январь 2017 жыл 8:44

Аба ырайы кандай болоорун аныктаган Токтогул ата

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын 80 жашка таяп калган тургуну жылдыздардын жардамы менен кундун кандай болоорун билип келет. Күндүн кандай болоорун Ай жана жылдыздардын жайланышы боюнча аныктайт.

3 Январь 2017 жыл 15:38

Андарактык табып Бүүзия Умурзакова

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Бүүзия Умурзакова он жылдан бери табыпчылык менен алектенип келет. Анын айтымында, бул касиет ага тай энесинен калган.

3 Январь 2017 жыл 14:03

Андаракта жаңы жылдык карнавал майрамдалды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Андарак айылында жаңы жылдык карнавал майрамдалды. Майрамдык кечени Сумбула айыл аймагынын башчысы Анаркул Атамкулов элге өзүнүн каалоо сөздөрүн айтып, кечени ачып берди.

2 Январь 2017 жыл 23:26

Көчөдө балдарга Жаны Жылдык белектер таратылды (фото баян)

Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында балдарга Жаңы Жылдык белектер берилди. Таң эрте музыка жаңырып, аянтты шанга бөлөдү.  Аянтка орнотулган балатынын жанында чогулган балдар  сукка карабай  ырдап-бийлешип, табышмактарды табышып, белек алууга аракет …

2 Январь 2017 жыл 20:02

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...