Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөз мектебинде спорт зал салына баштап, бирок учурда ал токтоп турат. Качан аягына чыгарылары азырынча белгисиз. Окуучулар кышкысын спорт залдын жоктуган кыйынчылыктар болуп жатканын айтышат.
Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде областык деңгээлде семинар болду. Ага Нарын областындагы беш райондун мугалимдери келип катышышты. Семинарга катышчу меймандарды тозуп алып жаткан кез.Бул семинар боюнча Нарын районунун билим берүү …
“Берекелүү алтын күз” деген аталыштагы майрам Кызыл-Кыя шаарындагы №7 кесиптик лицейинде өттү. Анда лицейдин окуучулары жана мугалимдери мөмө жемиштер жарманкесин уюштуруп, концерттик программалар менен коштолду.
Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 23 жаштагы Махамаджон Билиялов көп жылдардан бери акча чогултуу менен алектенип келет. Себеби ал жаш кезинен эле коллекционерликке кызыгып келгенин айтат.
Үч-Коргондун Боз айылында ичимдик суусу көп жылдардан бери оң жакка чечилбей келет. Бул туурасында аталган айыл тургуну Наргүл Каарова билдирди.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы Койлук базарында багбандар күзгү мөмө жемиштерди алып чыгып сатышууда. Дыйкандар өткөн жылдарга караганда бул жылы түшүм күтүлгөн жыйынтыкты бербегендигин айтышат.
Мукаш Базаркулов Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бургѳн аймагындагы Дарбазанын асты деген жерде 1935-жылы туулган.
Терек-Суу айылынын тургундары кышка кандай даярдык көргөнүн билип көрүү үчүн сурамжылоо жүргүздүк.
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде 11-класстардын ортосунда тегерек стол болуп отту. Тегерек стол кыз ала качуу темасына арналды.
Быйыл айылда мөндүр түшүп, жер-жемиштердин көбүн уруп кеткен. Тургундардын алган түшүмдөрү мол болгону менен жааган мөндүрдүн кесепетинен көбүнчө жашылча-жемиштер зыянга учураган.
Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин 6-А классынын окуучулары жана класс жетекчиси Эльзада Иманкулова болуп биргеликте карылар күнүнө карата айылдагы карыяларга жардам беришти.
Айылга суук түшө баштагандыктан, жыйып-терүү иштери аяктап калды. Токтояндын тургундарынын айтуусунда, быйыл суук жылдагыга караганда эртерээк түшүп, иштер бир аз да болсо бүтүп калган.
Токтоян айылынын мектебинде окуучулардын өзүн-өзү башкаруу айлыгы жүрүп жатат. Бул айлыкта класстар боюнча эң таза класс, эң тартиптүү класс, эң активтүү класс болуп сынактар жүрүүдө.
Учурда айылдын тургундары кышка даярданып жатышат. Жал жамааттык мультимедия борборунун корреспонденттери айыл тургундарынын кышка даярдыктары тууралуу сурамжылоо жүргүзүштү.
Кыргыз Республикасынын эл артисти Нурак Абдрахманов быйыл тирүү болгондо 19-октябрда 69 жашка чыкмак. Ал 1947-жылы Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылында төрөлүп, өскөн.
Октябрь айынын алгачкы жумалыгында агартуучулардын кесиптик майрамы салт катары белгиленип келет. Быйылкы окуу жылында алгачкы жолу агартуучулар арасында спорттун түрлөрү боюнча мелдеш уюштурулуп, облустан Ак-Талаанын командасы 2-орунду алды.
Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов мектебинде карылар айлыгы жүрүп жатат. Бул айда окуучулар класс класска бөлүнүп, улгайган адамдарга өз колдорунан келишинче жардам беришүүдө.
Кыргыз тил айлыгы облус боюнча жүрүп жатат. Бул айлыкта кыргыз тили жөнүндө ар кандай дилбаяндар жазылып, кечелер өтүлүүдө. Мындай иш-чара Түп районунун Токтоян айылында да болуп өттү.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкаар Эргешовдун элесине арналган Ноокат районунундагы жаштар арасында волейбол боюнча мелдеш Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде болуп өттү. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин жалпы жылуулук системасы жаңыртылып жатат. Буга чейин мектептин жылуулук системасы кышкы суукта үзгүлтүккө учурап, кыйынчылыктарды туудуруп келген.