Учурда республика боюнча сасык тумоо менен ооруп жаткан жарандардын саны көбөйүүдө. Райондун аймагындагы абал боюнча Ак-Талаа райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Эрлан Бекишов менен бул масаеле боюнча маектештик.
Учурда кайсы жугуштуу оору күч алууда ?
— Азыр Ак-Талаа районунда өтө курч болгон оору — бул сасык тумоо. Райондо 19 бала бакча болсо, күнүнө 160 бала сасык тумоодон улам келбей калууда.
Бала бакчага жана мектепке келбей жаткан балдар канча пайызды түзөт?
— Бала бакчанын тарбиялануучуларынан 9,1 пайыз, ал эми мектеп окуучулары 799 бала аталган оору менен ооруп жатат. Бул көрсөткүч 11,7 пайызды түзөт. Район аймагына ушул жылы буга каршы вакцина катарында 500 даана грипол келди. Биз айыл өкмөтүнө жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна баарына таратып бергенбиз. Албетте бул вакцина менен районду толугу менен камсыз кыла албайбыз. Ошентсе да атайын тизме менен бөлүп бердик.
Бул гриполду кимдер алат?
— Бат-бат ооруп турган балдар жана майыптар алышты. Бирок баары бир өсүш күндөн күнгө күч алууда.
Сасык тумоону кантип алдын алууга болот?
— Бул оору бат жугарын баарыбыз билебиз. Гигиенаны сактоо керек. Эгерде үйдө ооруган адам болсо, үйдү улам шамалдатып, желдетип туруу зарыл. Ошол эле учурда ооруган адам сөзсүз убагында ооруканага кайрылышы керек. Көбүнчөсү үйлөрүндө жатып алышып, качан гана күч алганда көрүнүшөт. Эгерде башталганда эле кайрылса алдын алуу жолу кыйла эле жеңилдейт.
А булар чоң кишилерде да катталып жатабы?
— Ооба, чоң ишилерде да катталып жатат. Тилекке каршы, сасык тумоо менен бардык жаштагы адамдар ооруйт. Бири-бирине күнүмдүк тириликте жуга берет. Учурда райондун аймагындагы беш бала бакча жабылган. Азыр көзөмөлдөп жатабыз.
Маектешкен: Илимбек кызы Зулайка
Сүрөттү тарткан: Мамбетказиев Мирбек
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн