Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы №336 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңешке 11 киши өз талапкерлигин коюп, төрт талапкер депутат болуу укугуна ээ болду.
Талапкерлер: Роман Алгожоев, Нургүл Алиева, Максат Алмаз уулу, Айшагүл Бекматова, Кайрат Жумалиев, Нурбек Доронбаев, Адилет Жолдошбек уулу, Нурлан Кумбашев, Элизар Молдобеков, Бейшенбек Үсөнканов, Чынгыз Чакчагаев.

Депутаттыкка талакерлигин койгон 11 кишинин ичинен төртөө депутат болуп шайланууга мүмкүнчүлүк алды. Алар: Алмаз Максат уулу, Роман Алгожоев, Элизар Молдобеков жана Бейшенбек Үсөнканов.
Жергиликтүү кеңешти шайлоо: 2016-жылдын, 11-декабрьда, саат 8:00до башталып кечки саат 20:00до аяктады.
Бул шайлоодо 422 киши шайламак, бирок алардын ичинен 207 шайлоочу келбей калып, шайлоо 215 кишинин добушу менен жыйынтыкталды.
«Шайлоодо эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок. Шайлоонун жыйынтыгы 20:00дө айтылды», — деп билдирди №336 шайлоо участкасынын төрайымы Гүлмира Жумалиева.
Даярдаган: Элзат Джумабаев
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн