Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында айылдык депутаттар шайланды. Добуш берүү Жапар Нышанов орто мектебинде өттү.
Айылдык депутаттарды шайлоого Куу-Майдан айылынан 14 талапкер чыкты. Алардын ичинен беш талапкер депутаттыкка өттү.

Айыл тургуну Гүлмайрам Ысмаилова «Шайлоо жакшы болду. Менин оюмча, татыктуусу гана жеңди» деген оюн айтты.

Биринчи орунда 390 добуш менен Роман Аширбеков, экинчи орунда 337 добуш менен Имамназар Мамыразаков, ал эми үчүнчү орунда 320 добуш менен Зиягүл Козу кызы депутаттыкка өтсө, 282 добуш менен Насир Жороев төртүнчү жана Орозмамат Нурматов 232 добуш алып бешинчи депутат болуп шайланышты.

Ал эми шайлоодо өтпөй калгандар, депутат болбосок да элибизге жакшы иштерди кылып берүүгө даяр экендигин айтышты.
Даярдаган: Эльвира Садирали кызы
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн