30-апрель күнү Элдик Революциянын баатырларынын демилгеси менен Барскоон айыл аймагынын Таза суу «Тарылга-Булак» коомдук бирикмесинин участогуна 53 түп балаты отургузулду.
Барскоон айылындагы «Барскоон FM» жаматтык мультимедиа борборунун кабарчысы Айдай Кудайбергенова Кытай мамлекетине барып окуп келди. Учурда Айдай 11- классын бүтүрүү алдында турат.
Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2018-2019 окуу жылына карата мектептин президенти шайланды.
Барскоон айылындагы менталдык арифметика курсуна катышкан окуучулар Египетке барып келишти. Менталдык арифметика курсу Барскоондо «Академия роста» окутуу борбору тарабынан ачылган. Ачылганына аз убакыт болгонуна карабастан, окуучулар ийгилик жаратууда.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары- Булуң айылында Чигу шаары боюнча музей ачылуу алдында турат. Музейде чөгүп кеткен шаардын калдыктары камтылган. Ал жерден буюмдардын калдыктары жана таштардын түрлөрү табылган. Азыркы …
Асан Сопиев атындагы №19 Тасма орто мектебине аскерге чейинки даярдык сабагына окуучулар аскердик форма менен камсыз кылынды. Формаларды Тасма айылынын кулуну, айыл өкмөттүн ардактуу атуулу, меценат Сталбек Муканбетов окуучуларга белек …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев мектебинде менталдык арифметика курсу окутулууда. Окуу билим берүү министрлиги менен Кыргызстанга жайылтуу максатында келишим түзүлүп, окутула баштаган.
Азыркы учурда Карасаев айыл аймагындагы Чоң- Тогузбай, Тасма айылдарындагы үйлөргө Wi-Fi интернети коюулууда. Буга чейин Тасма айылында интернет болгон, бирок, жай иштеген. Интернет “Телеком” ишканасы тарабынан коюлуп жатат.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булуң айылынын Нур жамаатынын кунөсканасы ишке кирди. Күнөсканада жашылча өсүмдүктүн түрлөрү өстүрүлүп жатат.
Түп районуна караштуу Сары- Булуң айылынын келини, 9 кыздын энеси Максатгүл Мусаева азыркы жаштарга кааларым көп балалуу болушсун, “Балалуу үй базар, баласыз үй мазар” деп бекеринен айтылбаптыр. Мен ушу 9 …
Барскоон айылынын Маданият үйүндө «Бапа жаштары» уюму тарабынан уюштурган райондук семинары болуп өттү. Семинарда уюумдун мүчөлөрү айылдын өнүгүп- өсүшүнө кандай жардам көрсөтүп жатышкандыгы, жетишкен ийгиликтери тууралуу сөз болду.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Сопиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жашылдандыруу айлыгы жүрүп жатат. Айлыкта мектеп окуучулары мектеп айланасын тазалап, көчөттөргө арык салышууда.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев мектебинин эки окуучусу облустук “Мен Кыргызстанда жашайм!”сынагына жолдомо алышты. Учурда окуучулар таймашка даярданышууда.
2018-жылдын 31-мартында Барскоон капчыгайынын ичинде өткөрүлгөн иш- чара жаздын биринчи ишембиликтеринин бири болду.
20-мартта Болот Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 8-класстарынын Нооруз майрамына арналган кечеси болуп өттү.
Бүгүнкү күндө Барскоон капчыгайынын сулуулугуна көз жеткис. Бул капчыгай 2010 –жылы Эркингүл Иманкожоева тарабынан, айыл кеӊеш депутаттарынын колдоосу менен «Өзгөчө корголуучу аймак» болуп кабыл алынган. Капчыгайдын ичинде асман тиреген карагайлар, …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы ҮДТ га Швецария өкмөтүнүн каржылоосу менен тез жардам унаасы жана компьютер берилди.
Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында Барскоон айылынын № 55 Кесипттик Лицейинде “Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XI эл аралык фестивалынын алкагында регионалдык көрсөтүүлөрдүн “Бир дүйнө-Кыргызстан 2017” программасынын кыска метраждуу докменталдуу тасмалары көрсөтүлдү.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 5- классынын окуучусу кичине кезинен бери сүрөт тартып жана пластилинден ар кандай каармандарды жасаган Таңсулуу Токтокадырова менен маек.
«Спорт-ден соолуктун булагы» дегендей Барскоон айыл жаштарынын суранычынан улам айылдык мектепке Грек-Рим күрөшү боюнча машыгуу залы ачылган. Күрөшкө жалпысынан отуздан ашык мектеп окуучулары катышат.